Депутат К.Бокоев: “Таластагы куураган туяларды ким ордуна коет, 4,5 миллионду ким кайтарат?”

0
730

 

Талас облусундагы жол бою өскөн туялар, бир учурда көркүнө келип, кооздугу артып турган эле. Бүгүн алардын бири жок. Атайы Польшадан алынып келинген ал туялар куурап, Таласты жаз бүтпөй жатып күздүн мезгилине чакыргандай эле элес калтырат. Ушул тапта Таласта туя маселеси боюнча катуу талкуулар жүрүп, коомдук нааразычылык күч. Себеби, тиешелүү жетекчилик, ал туяларды аңыздан касып келген эмес. Баасы 4,5 млн. сомду чапчыган. Бул боюнча Талас шаардык кеңешинин депутаттары, коомдук активистер айтып, бул ишти териштирүү керек экенин сөз кылып келүүдө. Бирок, тыянактар анчалык байкалбайт. Бүгүн Жогорку Кеңеште да бул маселе кабыргасынан коюлду. Депутат Кенжебек Бокоев Таластагы туялардын бүгүнкү абалына жаны ачып, кеткен чыгымдарды ким толуктап, кетирген каталарга кимдер жооп берээрин айтты.

“Тараз-Талас-Суусамыр жолунун жээгине 4,5 млн. сомго сатылып келинип туялар олтургузулган экен. Ал дагы биздин өзүбүздүн чарбадан эмес, алыстан атайы Польшадан алынып келиниптир. Бизде эмне туя жокпу сатып алганга? Эң өкүнүчтүүсү ошол туялардын көпчүлүгү куурап калды. Жолдун жээгинде саргайган куураган туялар турат. Ага ким жооп берет? Анын ордуна ким алмаштырат? 4,5 миллиондун тагдыры эмне болот? Ал акчалар бизде эмес, Польшага кеткен экен.”-дейт депутат.  Муну менен катар Кенжебек Бокоев мындай туялар өзүбүздө деле бар экенин, эгер өз мамлекетибизди ойлосок, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында мындай   керектөөлөрдү өзүбүздүн эле чарбадан алууну  өкмөт колго алышы керек экенин да айтты.  “Биз ушундай эле колубузда бар нерселерди ата-мекендик өндүрүштү колдоо максатында өзүбүздүн токой чарбасынан эле алууну тапшырышыбыз керек эле да. Мына ушул маселени да дыкат текшерүүгө алышыбыз керек. Өкмөт ушундай нерселерди эсине алсын”-деди депутат. Польшадан алынгандыгынын башкы максатын Талас шаарынын мэр Айдар Жусупбеков, биздин чарбаларда 2000ге жакын туянын жок болгону менен түшүндүрүп келет. Бирок, өзүбүзгө керек нерсени өндүргүлө деп күтүп турууга, тапшырма берүүгө эмнеге болбосун деген киши жок. Туялар облустун курсагын тоюнта турган же экономикасына олчойгон акча сала турган деле тармак эмес эле. Күтүүгө ар качан убакыт бар эле. “Шайтан акчалар” аларды күтө албай калган окшобойбу…

Кабылбек Алишеров  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать + одиннадцать =