Депутат М. Мураталиев өз абийирин жабыш үчүн кимге акча сунуштаган?

0
644

 


Таластын мурдагы губернатору Марат Мураталиевдин башына кара булут айланып жүргөнүнө көп эле болду. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп турган кезде эле, Талас драм театрынын айланасындагы ызы-чуу бир топко чейин чубалып, бирок колунда бийлиги, колтугунан сүйөгөн жогорку бийликтегилери бар болуп, ал иштери сууга сиңгендей жок болгон. Кыңыр иштер кырк жылда болсо да чыга берет тура.
Айрым соц тармактардагы жарандардын жазгандырана карасак, «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий комплексинин тегерегиндеги иштер боюнча айтылып, ал жерде да Мураталиевге тиешелүү болгон жагдайлар бар экени камтылган.
Өз оюн ачык билдирген Аскар Алтынбеков аттуу «Фейсбук» колдонуучу Мураталиевдин бир кездеги аткарган иштери боюнча кызыктуу жагдайларды айткан. «Чыңгыз Ордо» маданий комплексине жасалчу жумуштар дээрлик 6 миллион 190 миң сомго ашыкча бааланганы аныкталып, ушул тапта ЖКнын депутаты болуп отурган Марат Мураталиевдин “капчыгы” атка конгон Улан Нуралиев камакка алынганын, ал иштер боюнча Улан Нуралиев менен кошо «Чыңгыз ордо» комплексин куруп жаткан «Бийиктик Инвест» ЖЧК подряддык уюмунун директору да камакка алынып бирок, ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылганын жазган.
Маалыматта Марат Мураталиев өз айыбы ачылып, сот жообуна тартылып калбаштын аракетин көрүп, Улан Нуралиевге барып 2000 доллар берип: “Сотко берип эптеп аман эсен чык. Мени айта көрбө” деп айтканы да камтылган.
Адилеттикти соттордон күтүп жаткан Алтынбеков аттуу жаран эми бул иштин ак-карасынын ачыкталышы Кара-Буура районунун соту Тахмина Тажибаеванын абийирине байланыштуу болоорун айтып, эгер жеп ичкичтер жегенин төлөп берип экинчи мамлекеттик ишке жолобосо, элдин жеңиши экенин, кутулуп кетсе, анда сотторго болгон ишеним биротоло өлөөрүн да кошумчалаган.
Алтынбековдун бул айткан маалыматтарын соц желеде катуу талкууга алып, бир тарабы калп десе, экинчи тарабы чын экенин айтышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 6 =