Джон БРАУН АКШнын Кыргызстандагы Элчисинин кеңешчиси: “Биздин программалардын көбү абдан маанилүү тармактарда иштейт”

0
950

АКШ менен Кыргызстан ортосундагы алакаларда кызматташууда, өзгөчө ММКларды колдоодо Америка тарап бизге бир топ программаларды сунуштап, аны ишке ашырып келет. Ушул проектилер тууралуу кеңири маалымат алуу максатында АКШ элчисинин кеңешчиси Джон БРАУН менен маектештик.

-АКШнын Президенти Барак Обама мигранттарга байланыштуу мыйзамдардын абалын жеңилдетүү максатында кабылдоого аракет кылып жатты эле, бирок республикачылар каршы чыгышкан. Бул Америкадагы кыргыз мигранттарынын легалдашуусуна кандай таасирин тийгизет? Натыйжа кандай чечилди?

— Негизи иммиграция жөнүндөгү суроо эң чоң көйгөйлүү маселелердин бири. Бул жерде чындыгында бир тараптуу жооп бериш азыр кыйын. Бул оор процедура,  азырынча чечиле элек. Кандай болуп чечилээрин да айтыш кыйын.

— Бизди абдан кызыктырган суроо. Кыргыз журналисттери Америкада жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө ММКда материалдарды уюштурууну көздөсө, мүмкүнчүлүк болобу, элчилик жардам бере алабы?

—  Бизде бул боюнча тажрыйба алмаштыруу программасы бар, Media Co-op деп аталат.   Бул программа менен 2015-жылы КТРКнын тобу (Лунара Мамытова баштаган) “Америкадагы мусулмандар” беш сериялык берүүнү тартып чыгарган.  2014-ж. ЭлТРдин тобу чек араларды көзөмөлдө жөнүндө репортаждарды тартып келген. Ага чейин 5-канал АКШдагы жылкы ферманы тарткан (“Ранчо” деп аталса керек эле), НТСтин тобу шаарларды башкаруу жана кызмат көрсөтүү, Оштук ТВлар айыл чарба жөнүндө көп программаларды тартышкан. Анда Америкадагы ар түрдүүлүк, ар кайсы элдин маданияты да чагылдырылат.  Ошондой эле, Демократиялык комиссия 2014-2015-жылдары «Маалыматтык мыйзам борбору» аркылуу КТРКдагы Омбудсмен институтун колдоп 27 280 АКШ долларын бөлдү. Kloop Медия фондуна маанилүү окуяларды ыкчам чагылдыруу үчүн 39 650 долларлык колдоо көрсөттү. “Журналист» коомдук ассоциациясы жаш журналисттердин кесиптик деңгээлин көтөрүү үчүн тажрыйбалуу журналисттер менен “Насаатчылык» долбооруна 22 983 доллар грант алды. Гранттык комиссия жөнүндө маалыматты бул даректен алаңыздар болот http://russian.bishkek.usembassy.gov/democracy commission ru.html  Акыркы төрт-беш жылдын ичинде тогуз кыргызстандык журналист жогорку деңгээлдеги адистер менен жетекчилерге арналган IVLP (International Visitors Leadership Program) аркылууАКШга тажрыйба алмашуу максаты менен барып келишти.

-Үстүбүздөгү жылы да Сиз айткан программалар иштеп жатабы?

-Ооба, учурда 2016- жылга долбоорлорду чогултуп жатабыз. Азыркыга чейин 20дан ашык долбоорлор түштү. Бул жыл сайын боло турган программа. Бирок, андан тышкары мындай өзгөчө программалар бар.  Америкада кандайдыр бир иш-чаралар болуп жатканда мисалы, конгресске шайлоолор убагында, атайын ошол шайлоонун алдында чагылдыруу үчүн барганга өзүнчө пресс-тур деп коебуз, ушул сыяктуу программаларды уюштурушубуз мүмкүн. Ушуга окшогон дагы башка түрлүү программалар бар. Анын үстүнө мага да Америка тууралуу кыргызстандык журналисттердин көз карашын көргөн кызык.

Ооба, биздин кыргыз журналисттери барып, тартып келип жатышпайбы, ал репортаждар бизге да абдан жакты. Ушуну негизи кеңири кылыш керек го? Эки тараптуу маалымааттын тартыштыгы кыргыз-америка  кызматташтыгынын өркүндөбөй жаткандыгына таасир этээри шексиз. Мисалы, Кыргыз өкмөтү ЮСАИД менен макулдашууну денонсация кылды, а  кыргыз эли 2 миллиард доллардык жардам алса дагы эч ким эчтеке деген жок, коомчулук да, басма сөз да  кайдыгер болду. Бул жетиштүү информациянын жоктугунан, өзгөчө кыргыз гезиттери менен ЮСАИД начар кызматташкандыгын билдирбейби?

— Сиздердин айтып кеткендериңиз менен толук макулмун. Менин оюмча ММКлар менен жогоруда айтылгандай дагы буга окшогон жана башка долбоорлор көп-көп боло берсе дейм. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Эки өлкөнүн эли канчалык көбүрөөк карым-катнаш кылса, бири-бири жөнүндө ошончолук арбын маалымат алышат. Биздин мамилелерибиз да ошончолук жакшы өнүгөт. Кыргыз эли АКШ өкмөтү тарабынан берилген жардамдар туурасында толук маалымат алышы керек. Бул аябай маанилүү. Биз ушуга көбүрөөк көңүл буруп, аракет кылып жатабыз. Айтмакчы, биздин программалардын көбү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү тармактарда иштейт. Анын ичинде экономикалык  өнүгүү, соода, тажрыйба алмашуу, фермерлерди колдоо, билимин жогорулатуу жана  билим берүү тармактарында, ошондой эле  саламаттыкты сактоодо дагы далай бир топ программалар бар. Булар абдан маанилүү, кыргыз элине да абдан пайдалуу.

-Маалымат каражаттарына багышталган программалар гранттарды кандай негизде берет?

-Кайсы бир медианы, ММКны колдогондо биз үчүн эң негизги маанилүү нерсе, ал гезитпи, журналбы же телеканалбы- ачык анан эркин болушу керек. Өз оюн  ачык-айкын, көз карандысыз билдиргенге мүмкүнчүлүк болушу зарыл. Биздин максатыбыз- ушундай толук эркин маалымат чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү. Биз айтпайбыз муну жазгыла,бул багытта жазбагыла деп.

Сунушталган долбоорлорду электен өткөргөндө калыс баа берилип, Демкомиссия демократиялуу чечеби?

— Сөзсүз. Долбоорлорду кароо жана тандоо төрт-тепкичтүү процессине жергиликтүү окуу жайлардын жана бейөкмөттүк уюмдардын, ишканалардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана АКШ өкмөтүнүн кызматкерлери катышат.  Түшкөн долбоорлордун баарын карап чыккандан кийин, каржылоого тандалган долбоорлор комитет мүчөлөрүнүн баарынын макулдугу (консенсус) менен бекитилет.

Байкашыбызча Демкомиссия жана башка Медиа программалар кыргыз тилинде чыккан басма сөзгө анча көңүл бөлбөйт өңдөнөт же алар өздөрү активдүү катышпай жатышабы? Айтмакчы, долбоорлор англисче эмес, кыргыз тилинде жазылып кабыл алынса болобу?

— Биз кыргыз тилдүү ЖМКларды долбоорлорду көбүрөөк тапшырганга чакырат элек.  Грант берүү чечим долбоордун мазмуну, татыктуулугуна жараша кабыл алынат.  Долбоорду орус же кыргыз тилинде тапшырганга болот, бирок тапшырылган материалдардын баарынын англис тилиндеги котормосу тиркелиш керек.   

-Өткөн жылдын соңунда бизде парламенттик шайлоо болду. Бул шайлоонун жүрүшү боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри аны ийгиликтуу, ачык, таза шайлоо болду деп айтты. Бирок, ошол эле мезгилде ушул шайлоого катышкан саясый партиялардын арасынан батышка ыктаган лозунгдарды көргөн жокпуз. Ушундан улам бир суроо келип чыгып жатат да Кыргызстандын тышкы саясатында батыш вектору популярдуулугун жоготконбу деген. Буга кандай дейсиз?

-Ооба, АКШ өкмөтү тараптан  өткөн парламенттик шайлоого аябай жогору баа берилди. Бул Кыргызстандын демократия багытындагы аябай чоң жетишкендиги деп ойлойбуз. Ошондуктан Кыргызстандын эли менен өкмөтү абдан жогорку баага ээ. Ал эми батыш вектору боюнча. Биз бул шайлоону ушундай өңүттөн караган жокпуз. Кыргызстандын партиялары Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөшү керек. Алар батыш тарапты же чыгыш тарапты же Кытай тарапты же башкаларды карабай Кыргызстандын кызыкчылыктарын гана жактап иштеши зарыл. Биздин оюбузча Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын карап туруп, канча көп мамлекеттер менен жакшы алакаларды түзсө ошончо көп пайда табат. Биз ишенебиз, ошондой алакалардын арасында Америка да кандайдыр бир конструктивдүү өнөктөшү болушу мүмкүн.

Эркибек Өкүмалиев, Нурдин Аманкан

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемь + 8 =