ЕВРЕЙ ЭЛИ УШИНТЕТ: «ЖИНДИ КАТЫНДАН КУДАЙ САКТАСЫН, ЖАКШЫСЫНАН ӨЗҮҢ САКТАН!»

0
48

Бул кызык еврей элинин башка элдердей эле макалы, тамашасы жана афоризмдери бар. Бирок ал кайталангыс, өзгөчө стилде.

  1. Өзүң жөнүндө көп ойлонсоң, сени ошончо азыраак сүйүшөт.
  2. Эгер нан меште жатса, аны Кудай бере койбойт.
  3. Бекер бериле турган нерсенин баарын, акча менен алган жакшы.
  4. Билим мураскерлик менен берилбейт.
  5. Жакшылык эсте көпкө сакталат, ал эми жаманчылык андан дагы узакка барат.
  6. Кудай адамга азыраак сүйлөп көбүрөөк угушу үчүн эки кулак, бир ооз берген.
  7. Кудайды күнөөлөрүбүз менен ачуулантабыз, ал эми адамдарды — кадыр-баркыбыз менен.
  8. Учкан кушту кармаса болот, бирок ооздон чыккан сөздү кармай албайсың.
  9. Ар кандай түшүнүксүз жагдайда уйкуга барыш керек.
  10. Жинди катындан Кудай сактасын, жакшысынан өзүң сактан!
  11. Карыган сайын адамдын көзү начарлайт, бирок көбүрөөк көрөт.
  12. Эчкинин – астынан, аттын – артынан, келесоонун — бардык жагынан сактан.
  13. Жаштыгыңды кууп жеткидей ат али төрөлө элек.
  14. Шүмшүктү окутпа, жазасын бер.
  15. Кишен алтындан жасалса дагы кишен бойдон калат.
  16. Эч кимге суктанба, ар кимдин өз кайгысы бар.
  17. Кечирээк арам өлгөнчө, эрте эле өлгөн артык.
  18. Денени жууса болот, бирок ичиңди жууй албайсың.

Асылбек БЕКТЕНОВ

www. eldemi

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

14 + 7 =