Жамалбек Ырсалиев: «Кусалык»

0
7

Кусалык…  Мына ушундай сөз менен баштаган баяны Жамалбек Ырсалиевдин жан дүйнөсүнүн ким экенин билгизет. Ар дайым өзүнүн ички туюмун болгонун болгондой сыртына чыгарып, жаап жашырып, кагазга ороп оокат кылып ойлонбойт. Бул адамгерчиликтин туу чокусудур. Жашоодо жасалмалуулук жакшы көрүнүш эмес. Айрыкча сезимди алдоо, өзүнө кара сүмбөт жапканга окшош. Аны түшүнгөндөр аз. Адатта, адам өзүн сулуу, акылдуу, ыймандуу, сыпайы көрсөткүсү келет. Аны жасалмалуулуктан издейт. Мына  жаңылыштык. Аты айтып тургандай, жасалмалуулук-бул өзүңдү жаап жашыргандык.

Жамалбек Ырсалиев өз баянында дал ошол жасалмалуулукту кеп кылат. Мүмкүн, «меники баары жасалма» дегенди жазып чыккандын өзү эрдик.  Аны ката албаганындыгын, жасалмалуулуктун анда жок экенин таасын айгинелейт. Азыркынын аттуу-баштууларынын ичинен, айрыкча өзү тууралуу эскермелеринде Жамалбек Ырсалиевчелик ачыктык эч кимде жоктур…

Төмөндөгү эскермеси интернеттен баш албаган, китеп бетин ачпаган азыркы муундун жаштарына «Китеп жарманкесин» жарыялап, чакырык таштаганы. Анда чоң ата, чоң энесинде калган балалык кезин баяндап, өз баласы менен болгон баарлашуудан тартып, китепке кантип келгенин, Манасты кантип окуп калганын айтып, этегин китеп дүйнөгө байлайт… Анын өзгөчө эски там, балалыгы, чоң ата, чоң энеси тууралуу эскермеси укмуш. Байлык эмне экенин, жашоодогу кереметтер кайда калганын билгизгенсийт. Таасири күч.


«Дайыма эскерип жазам, ар дайым Куран окуп сообун багыштап. Үчөөбүз чогуу жашаган эки бөлмө чатыры жок жалпак там азыркы учурдагы үч кабат үйдөн артык экенин жүрөгүмдө сезем. Кандай бактылуумун. Абышка кемпир ушунча небересинин арасынан мени багып алганына тагдырыма ыраазымын. Анткени дал ушул кутуруп ойноп жаткан Алиханымдай кезимде мага Манас китебин окуткан тээтиги сүрөттөгү сокур атам Ырсаалы эле. Тамганы тааныткан апам эле. Ар кимди алып келип катып койгон момпосуйунан берип мага орус арибин үйрөтүп койгулачы сокур атасына китеп окуп берсин деп мени ким гана окутпады. 36 тамганы 36 киши үйрөткөндөй эле болгон. Толук окуп чыккан китебим Сагымбай Орозбаковдун вариантында жазылган ичинде атактуу Герцендин сүрөтү тартылган көк мукабалуу Манас китеби…
Эртең китеп сүйүүчүлөр үчүн аш басып бересиң деген Олжобай Шакир досумдун заказы. Садык Шер-Нияз экөө уюштуруп жаткан жарманкесине салым кошуп калайын деп сабиз менен пияз аарчып отурам. Пияздын кабыгын аарчып отурсам көздөн жаш куюлат. Алихан чуркап келиптир. Ата почему ты плачешь?-деп. Менин орусчам начар. Оюмду толук жеткире албай калам. Аялымдын бирдиги меникинен да аз. Бирок, балдарымдын тили орусча чыгып жатканын эстеп, анан сабиздин кабыгындай аарчылып жаткан өмүрдү ойлоп,көзүмдүн жашын пияз аарчып чыгарып алганыма Олжобай Шакир досума ырахмат айтып отурам. Балам болсо ыйлаба, кел күлөбүз дейт. Сен күлсөн мен сүрөткө тартып алайын десем чын дилинен,наристелик кыялы менен күлүп сүрөткө түшүп берди. А мен болсо, жасалма күлөм. Жашоом да жасалма. Бирөөнө жаман көрүнүп албайын деп ойлонуп сүйлөйм. Досторум көп. Кимиси душман экенин билбейм. Анткени,алардын да меникиндей маскасы бар… Эртең масканы чечип алып Манас кинотеатрына барам. Чын дилимден түн ортосуна чейин чечинип алып туураган эт,сабиз,пиязга жан дүйнөмдөн чыккан мээрим менен плов даярдап барам… Анжияндан келген ашпозчу деп мактап жаткан атын да билбеген бир өзбек бир тууганым келет.Аш басып берет. Китеп сүйүүчүлөр үчүн! Менин китебимди ала тургандар Манас кинотеатрына келгиле. Китебиме аш кошуп берем. Жакындан таанышабыз. Саясаты жок, маданиятты сүйлөшөбүз. Китептердин жарманкесинен жолукканча жакшы эс алыңыздар досторум. Билимдүү жаштар келечекте өнүккөн мамлекетти курат.
Китеп билим булагы,
Китеп билим чырагы.
Баардыгыбыз Манастан,
китеп тилин угалы- деген жаңыча чакырык кылалы…!»-деп жазат Жамалбек Ырсалиев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × 2 =