Жанышты жандаган Карганбек аферист беле?

0
457

Карганбек Самаковдун айланасын “кара булут” аралаганын коомчулукта ар кандай, далилдүү да, далилсиз да сыпаттап, сындап жаткан кези. Өлкөдөгү парламенттин доору бүтүп, депутаттык креслонун кумары тарап, беш жыл биринин этин бири жеген эл өкүлдөрү өз алдынча тал кармап, бүгүнкүсүнө тобо дебей, кийинки шайлоого камдангандар арбын болууда. Алардын катарын азыркы “саясий куугунтук” тапты делинип жаткан, кыргыз үчилтигин ЮНЕСКОго киргизген Самаков да бар болчу. Ооба, анын бул аракети тарыхта калды. “Жакшыны кылган, жаманды кылбайт”-деген адамзатка кудайдан берилген жалпы милдет болбогондон кийин, Самаковдун тегерегинде айтылып аткан түрдүү себептерди “атайы буйрутма” деп айтуу деле эрте.

Самаков аферист беле?

Сөз болуп жаткандай Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү 262 гектардан ашуун айдоо аянттарын мыйзамсыз трансформациядан өткөрүп, андан соң жеке-турак жай куруучуларга майдалап саткан Карганбек мырза жерди эптеп алуунун амалы кылып, алгач айыл чарба багытындагы айдоо аянттарын турак-жай категориясына которуу үчүн ири инвестиция тартыларын шылтоо кылган. Ал Лебединовкада “Силк-Роуд” бизнес борбору, “Лаззана” гольф клубу, Байтикте аквапарк сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду убада кылган. Самаков мына ошол долбоордун алкагында 2008-жылкы маалымат жыйынында өлкөдө жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, казынага олчойгон салыктар түшөрүн айткан. Бирок кийин ошол миллиондогон долларлык инвестициядан дайын болгон эмес. Анын ордуна тескерисинче жер тилкелери жеке турак-жай куруучуларга тез арада сатыла баштаган. Кыскасы, Карганбек мырза “мына ошол айдоо аянттары эгин эгилет”-деп ижарага 49 жылга алып, аны кайра башка категорияга которуп салган. Мында айыл чарба багытындагы жер аянттарын трансформациялоо тууралуу жоболор одоно бузулган. Анткени айдоо жер мамлекетке өтө зарыл болгон учурда гана башка категорияга өтөт эмеспи. Эсиңиздерде болсо, Самаков депутат болуп келгенге дейре, Кыргызстандагы ири курулуш компанияларынын бирин жетектеп жүргөндүгү менен таанымал болчу. Кийин алардын дайыны чыкпай кетти.

Жанышка жаккан Карганбек

Бакиевдик башкаруу учурунда өлкөдөгү маанилүү саясий чечимдер Курманбек Бакиевден эмес, көпчүлүгү Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевден чыгаары кийин таасын болбодубу. Ошол кезде Жанышты жандап иш бүтүрүү баарынын эле колунан келе бербеген. Жаккан кишисин гана жандаткан Жаныш Карганбек Самаков менен маанилүү “акча жасаганына” караганда мамилелери кыйла эле болгон. Жер тилкелерин өз каалаганындай кылып которткусу келген Самаковдук аракетке ал кездеги республикалык жер комиссиясы баш тарткан. Бирок, көздөгөнүнө көзү кызарган Карганбек Самаков, ал айдоо аянттарынын категориясын өзгөртүү боюнча экинчи ирет суроо-талап жөнөтүп, Жаныш Бакиевдин басымы менен 2008-жылы 11-октябрда өзүнүн пайдасына чечим чыгарткан. Анын акысына Жаныш Бакиевге Байтиктеги “Давос” турак-жай комплексинен бир нече үй белек кылганы кийин ачыкка чыккан. Бул чечимге ошол кездеги жер комиссиясынын төрагасы, өкмөт башчынын орун басары кол койгон. Бул жерде Жаныш Бакиевдин аты бекеринен аталып жаткан жок. Бул жерде ал кездеги өкмөт башы Данияр Үсөнөвдун дагы тиешеси болушу толук ыктымал. Себеби, жерлерди трансформация кылуу өкмөттүн түздөн-түз иши. Анын буйругу жок бир дагы жер мыйзамдуу болуп эсептелинбейт. Самаков жер алган деген жылдары, ошол кездеги өкмөт башы болгон Данияр Үсөнов шаардын тегерегиндеги бир топ жерлердеги ызы-чууга аралашкан жайы бар.Тергөөдө Самаковдун жер сатуудан тапкан пайдасы 8 миллион АКШ долларына барабар экени аныкталган. Орточо бир гектар жер аянты 2000-3000 доллардан алынып, трансформациядан соң, ар бир 4 сотых жер тилкеси 4000-5000 доллардан сатылганы аныкталган.

Саясий буйрук же “Ата Мекен” партиясынын аракети

Карганбек Самаков парламентке “Ата Мекен” партиясынын тизмесинен шайланган. Бирок былтыр июль айында өз алдынча “Биримдик” партиясын түзүп, “Ата Мекенден” чыгып кеткен эле. Самаковдун бул кадамы “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктер орун алып, бул тууралуу коомчулукка кайрылуу да жолдогон. Кайрылууда Самаков “Ата Мекен” партиясы 2010-жылы шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай, коалицияны таркатуу жана түрдүү компроматтар менен гана алышып, өкмөттү алмаштыруу менен алек болуп калды деп сындаган. Ошондон улам Текебаевдин каары Карганбекке көргөзүп жаткандыгын айтышкан. Баамыбызда, Самаковго болгон “саясий буйрук” көп убакытты өзүнө камтыгандай. Бир кезде ЖКнын ичиндеги Самаковдун кабинетинен анын сейфи уурдалып кеткендиги айтылган. Мындай окуя экинчи жолу кайталанып, депутат Марат Султанов Самаковго: “Керектүү документтерди үйгө эле катып коюш керек да”-деген эскертүүсүн айткан. Ал окуялар Самаковдун азыркы ишине байлануштуу документтерди издеп жүргөн бирөөбү деген ойго келесиң.

Жанара Алиева


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − 10 =