Жаңы конуштагы жакшы саамалык

0
3

Бишкек шаарынын Ленин районунун №3 Муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо» конушунун түптөлүшүнүн 30 жылдык мааракесинин урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу мааракеде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Айнура Аскарова, Бишкек шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов жана депутаттары Валентина Лисниченко, Талантбек Жамгырчиев, Таалай Сурапбаев, Ленин районунун башчысы Токтосун Султанов «Ала-Тоо» конушунун тургундарын жана конокторун 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө ынтымак, бакубат жашоо, ачык асман каалап өтүштү.
Ошондой эле «Ала-Тоо» конушунун өнүгүүсүнө кошкон салымы, демилгелүүлүктү жана активдүүлүктү көрсөткөн тургундар Ардак грамота жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Иш чаранын жүрүшүндө сөз алган шаар кеңешинин төрага орун басары Руслан Жакышов жаңы конуштарга жакшы көңүл бурулуп баштаганын айтып, алдыда аткарылуучу даагы арбын иштер бар экенин баса белгиледи.
Конуштун тургундары жана коноктору үчүн улуттук оюндар боюнча таймаштар уюштурулуп жана концерттик программа тартууланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − 10 =