Жергиликтүү кеңешке даярдык ушундай, ЖКга даярдык кантээр экен?

0
18

 

Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.

Атыр Абдрахматова, БШК мүчөсү:
“Токмокто улуурак эжелерди, кыз-келиндерди спорттук кийимчен балдар ээрчитип алып кирип жатышат. Алар жарандарды каттоо бөлүмүнө кирип, эки эженин паспортун алып, каттоого тургузуп жатканына өзүм күбө болдум. Анан аларды кайра машинеге чейин узатып чыгып жатышат. Мен аларга суроо берейин десем качып кетишти. Мыйзам чегинде иш-аракет кылган адам качпайт болчу. Биз билебиз, шайлоодо ушундай терс көрүнүштөр бар. Эгер бул шайлоочуларды көбөйтүш үчүн жасалып жаткан болсо, анда бул мыйзам бузуу болуп саналат».

Урматбек Самаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
«Массалык түрдө каттоо жүрүп жатыптыр. Өткөндө барсам аябай киши көп болчу. Карап кеткем. Кара-Балтадан бери келип Токмокко каттоого туруп жатышыптыр. Токмоктун кайсы партиясы күчтүү, кандай киши мэр болот, кайсы киши депутат болот? Албетте, туугандары, тааныштары, көп кишилер эле өтүп кетип жатпайбы. Башка облустардан бери алып келип каттатып жатышат”.

Каракол, Ош шаарларында да каттоого турууну каалагандардын саны өстү. Караколдо бир жумада 300 адамды катташкан.

Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Ошол шаарда жашабаган, башка райондордон келген адам шаардын кызыкчылыгын эч качан ойлобойт. Ал болгону бир талапкердин кызыкчылыгын ойлойт. Бул көрүнүш шаардын өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Аны шаардын көйгөйү кызыктырбайт. Ал өз талапкерине добуш берет да, кетип калат”.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушул жылдын 12-апрелине белгиленген. Бул күнү Токмок, Ош, Каракол жана Балыкчы шаарларында шайлоо өтөт.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 + 1 =