Жерүйдөгү жеке кызыкчылыктар менен бузукулуктар Манастын духун ойготкону калдыбы?

0
407

 

Эл тарабынан Жерүй кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссия 5-февралда Талас облусунда жыйын курат.  Аталган кендин айланасындагы ар кандай мыйзамсыз жана эл нааразычылыгын жараткан иштерди иликтеп чыккан Элдик комиссия, өткөн жылдын 5-февралында ар бир  райондон, шаардан жана Бекмолдо айыл аймагынан жыйналыштык протоколдун негизинде эл тарабынан шайланган болчу.  Бир жыл аралыгында алар Жерүй кенинин айланасындагы айтылып келген маселелерди иликтеп,  проектилери менен таанышып, кен чыккан аймактагы курулуш иштери менен да таанышып чыгышкан. Буга чейин Элдик комиссия өз иштерин интернет булактары аркылуу ачык чагылдырып турушкан. Анда белгилүү болгондой бир топ мыйзамсыз иштердин болуп жаткандыгы кабарланган. Өзгөчө Талас облусунун экологиясына эң коркунучтуу болгон калдык сактоочу жайдын талапка ылайык курулбагандыгы коомчулукту бир топ ойго салып, чоң талкууну жараткан болчу. Элдик комиссиянын төрагасы, тоо кен инженери Бакыт Сейталиевдин айтымында  Жерүй кенинде иш алып барып жаткан “Альянс Алтын” компаниясы бир топ шалаакылык иштерди жасаган.  “Бизге эл ишеним артып, Жерүй кенинин кийинки келечеги Талас эли үчүн кандай болот деген ойдо шайлашты. Баардык жагын дыкат текшерип чыктык деп айта албайм. Жаз келсе ал аймакка кайра кирип текшерүү кылабыз деп компания өкүлдөрүнө айтканбыз. Себеби, кардын кетиши менен даагы бир топ суроолор пайда болот.  Ага чейинки эле жасап жаткан иштери келечекте Таласты талкалап коюу коркунучу алдында турат. Баары мыйзамдуу болсун деп жасалган документтерди сураганбыз. Компания сураган документтерди али дагы толук берген жок. Күнөө өздөрүндө. Биз сураган документтердин кээ бирин жасабагандыгын айтышыптыр. Андай болушу мүмкүн эмес.  Демек, биз алар берген документтердин негизинде, көргөн-билгенибиздей корутунду жазып, жыйынтыгын элге отчет катары бере беребиз. Калганын тийиштүү мамлекеттик жетекчилер, кызматтар эл алдында жооп бере берсин. Эл дагы көзөмөл кылгыла, текшергиле десе, ишибизди кайра улантабыз”-дейт Сейталиев.

Учурда Талас  облусунда жыйынга активдүү катышып, өз ойлорун ачык айтабыз деген тараптардын көп экени байкалууда. Көпчүлүк эл кенди жабуу керектигин да айтышып жатканы кабарланууда. Ал ортодо Жерүй кениндеги мыйзамсыз жана шалаакылык менен кылынган иштерди көз жаздымда калтырып, кайсыл бир кызыкдар тараптын кызыкчылыгын көздөгөн топтор, бул Элдик жыйындын ишине кимдир бирөөлөрдүн атын илештирип өкмөткө жеткирип, бузукулук менен эл аралап, баарын “макул” кылдыруу аракети менен жүргөнү да белгилүү болууда. Ар дайым акылга, ыйманга салбай артык кылам деп, тыртык кылган “акылы чолоктордун” мындай аракети, Манастын духу бир ойгонгондо барып токтойт окшобойбу!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемь + 3 =