ЖЕРҮЙ КЕНИНДЕГИ «АГЕНТ» КИМ?

0
14

Таластагы Жерүй кени Кыргызстандын экономикасы үчүн олчойгон киреше берээрине карабай  ал аймактагы жергиликтүүлөр кендин казылышына каршы болуп келишет. Буга бир эле ал жердеги экономикалык жана экологиялык маселелер эмес, иш көзүн билбеген, өндүрүш ишти интригаларга айлантып, эл ичин ыркка бөлгөн айрым жетекчилер үчүн да нааразычылыктар көп экени көптөн бери эле айтылып келет. Алардын ана башы Данияр Жаныкулов экени айтпаса да белгилүүдүр.  Д.Жаныкуловдон эл ичи итиркейи келгени аз келгенсип, эми компанияда иштеген кесиптештерине суук тумшук көрүнүп, андан баары качып калганын кулагыбыз чалды. Анткени ал,  кесиптештеринин артынан аңдып, аларды сүрөткө тартып, диктофонго жаздырып, айтор, өзүнчө эле бир «ишпион» экенин көрсөтө баштаптыр. Чогуу иштешкендери жумуштан кийин же дем алыш күндөрү эс алып, спирт ичимдиктерин татып калса, аны жалпы жыйындарда айтып чыгып, элге күлкү болуп, «Альянс Алтын» ишканасынын ичиндеги эле  кыз-келиндер «ой бул эркек эмес турбайбы» дешкенин уккандар узун сабак кеп кылып айтып жүрүшөт.  Жакында эле дагы бир кесиптеши менен жакындан сүйлөшүмүш болуп, провокациялык суроолорду берип, анын баарын чөнтөгүндөгү диктофонго жаздырып алып, «сени минтти, тигини тигинтти» деп областтын баш-аягына чуркап, жаздырып алганын угузуп жүргөнүн жергиликтүү жигиттер айтып жүрушөөрүн да кулагыбыз чалды . Көрсө, бу кайбар башынан эле компаниянын жыйындарын, жетекчилерин жаздырып, угузчу кишилерине угузуп жүргөн, бир сөз менен айтканда, бу Жаныкулов деген компаниянын ичинде жургөн бир «агент» экен. Шуулдап кетип калган Шубиндин эмнелерин тартып, эмне компромат камдап жүрдү бир кудай билсин. Эси жок ушундай иштерине карабай компаниянын кармап жүргөнүнө караганда, Жаныкуловдун эл бакчылык эмес, жан бакчылык «фокустары» бул жакта жаткан тура.  Узун кулактык кылып укканыбызга караганда, «баскан жерине чөп чыкпаган» мындай кургурдан компания кантип кутуларын билбей жатат дешет.

А. Бектен

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × 4 =