Жерүй кениндеги ууланууга Таластыктар кабатыр болуудабы?

0
147

 

Социалдык түйүндөрдө Таластагы Жерүй алтын кениндеги “Альянс Алтын” ишканасынын жумушчуларынын ичинде 15 жумушчунуну уулангандыгы боюнча маалымат кызуу талкууга алынып жатат. Буга чейин мындай маалымат чыккан кезде аны “калп, фейк акаунттар” деп чыккан эле. Чындыгында эле Жерүй алтын кенинде жумушчулардын массалык уулануусу болгонун, алардын саны 18 эмес, 15 адам экендигин, алар азыр атайын текшерүүдө болуп жаткандыгын, аз күндө эмнеден уулангандыгын кабарлашаарын “Альянс Алтын” ишканасынын өкүлчүлүгү билдирүүдө. Ага чейин бул маалыматты берген тарап, ууланган жумушчуларды “жумуштан кетирип жиберебиз, унчукпагыла” деп коркутуп койгондугун жазган болчу. Бул боюнча расмий тарап эч нерсе деген жок.

Социалдык түйүндөрдө, бул жаман жөрөлгө экендигин, жумуштар башталбай жатып уулануунун болгондугу  аягы жаман болуп бүтөөрүн  кызуу талкуулоодо. Айрым ички маалыматтарга караганда бул атайылап жасалганын кулагыбыз чалууда. Буга чейин  ал жердеги жумушчуларга тамак даярдоо кызматы талашта болуп,  “Альянс Алтын” компаниясынын айрым мурунку жетекчилеринин кол ийрисине тарткан адамдары тамак менен тейлөө кызматын камсыз кылып келишкен. Кийинки келген кээ бир жетекчилери аларды кетирип, башка кызматты пайдаланууну көздөп жатышканы айтылып келе жаткан. Мындай аракет “тамак талашуудан” дагы чыгышы толук мүмкүн экендигин жергиликтүүлөр кеп кылып жатканы айтылууда. Бул боюнча уулануунун себептеринин экспертизалык тыянактары аныкталмайын сөз кылууну кичине кое турууну, тийиштүү мекемелердин билдирүүлөрү болгон соң, өзүбүздүн эл ичиндеги маалыматтарга таяп жазууну туура көрүп турабыз. Эгер мунун чындыгы болсо, анда чындап эле аягы ар кандай нааразычылыктар менен коштолоору турулуу иш. Социалдык түйүндөрдөгү айрым талкууларга келсек, ушул тапта Таласта Жерүй кенинин ачылышына нааразы болгондордун катары дагы көбөйүп кеткен. Айрым адамдар кайсыл бир күнгө митинг кылып, Жерүй кенин жабууну көздөп жаткандыктары да ачык эле жазылып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

16 − 2 =