Жерүй кенинин чындыгын кимдер билгиси келбей жатат?

0
45

14-январда Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде Таластагы Жерүй кенинин айланасындагы акыркы кездерде болуп жаткан ар кандай талаш тартыш маселелер боюнча, коомдук кеңешме жыйын курабыз деген жаш активистердин бул жыйынына тоскоолдуктарды жаратып, ар кандай аракеттер менен абалды курчутуун көздөгөндөр пайда болууда. Мамлекеттин тынчтыгын, стабилдүүлүгүн  сактамыш болуп, абалды курчутуп, бийликти жек көрсөтүүгө болгон аракеттер Жерүй кенинин маселесин маанилүү чечүү керек деген жаш активистер тарабынан эмес, тетирисинче атайын укуктук кызматтар, жергиликтүү майда жетекчилер жана “Алтын Альянс” компаниясы тараптан болуп жатканы айтылууда.

Буга себеп катары тымызын тиешелүү компаниянын өкүлдөрүнүн атайын иш чарага бара турган конокторго телефон чалууларды кылып, туура эмес жана бузук иштерди жеткирүү менен алек болуп жаткандары белгилүү болууда. Уюштуруучуларды ар кандай ушак сөздөр менен жамандатып, ал турсун  Талас облусунун айрым активистерин аларга каршы тукуруп, жалындуу сөздөрдү айттырып Таластын атынан сүйлөбөөгө чакырган кайрылууну да жолдошкон. Айрым Таластан чалган азаматтар, алардын мындай аракетин чагымчылдык жана бир тараптуу облустук жетекчиликтин кылган аракети катары баалап жатышканын билдирүүдө. Буга чейин узун кулактык кылып эки күн мурун уккан маалыматтарга караганда облустун жетекчиси Марат Мураталиев жана Жерүйгө тиешелүү компаниянын өкүлдөрү бул иш чараны токтотуу үчүн жана алардын уюштуруучуларынын абийрин Талас элинин алдында төгүп, жек көрсөтүү максатында атайын тараптарды уюштуруп жатышканын уккан жайыбыз бар болчу.  Эски “дүжүр” делип жүргөн бир топ сакалдуу адамдарга ат чаптырганын жана алардын айрымдары “дүжүрлүк” кылууга алардын абийири Ала-Тоо жеринин, Манас атанынын арбагынын алдында жол бербей жатканын айтышып макул болбой жатышканын алардын жакындары жана коңшулары айтышкан. Акыры ал иш чара өз максатына жетип, атайын кайрылуу жүзөгө ашты.

Ал кайрылуунун маңызында маани деле жок. Буга чейин Таласта Жерүй кени боюнча болот деген  иш чаралардын алды, Талас ТВсын “дүжүрлүк” менен ээлеп алган Урмат Анарбаев жана бирин экин аксакал кишилер да, дал эле ушулар сыяктуу уятты унутта калтырып, кайдагы калптын башын айтып, элди козутуп, адилеттиктен тайып, абийирин акча, кызмат үчүн сабап, Талас элинин эркиндигине суу сээп, суу кечпеген ойдогу “жомоктор” менен жортуулга чыга калышчу. Эми алардын катары калыңдап, маалымат жыйын курганда Мааникер күлүк таптагандай жулкунуп чыга калгандар пайда болуптур.

Азыр алдыңкы “дүжүрлөрдүн” сап башындагы Урмат Анарбаев Таластагы “Бакубат Талас” фондун жетектейт. Мынакей кызык. Мамлекеттин жана Эл аралык деңгээлдеги алтын иштетип эл жыргатмакчы болгон компаниянын жана облусту жетекетеп турган Марат Мураталиевдин аймактагы “акыл карачач” саясий жоруктары. Кызматка кызыктырып, бир облустун тагдыры менен бактысы чечилээр талаш жайдан, бир өкүрчөк, кымындай жетекчиликке парасаты жок, 100 сомду бир сом кылып майдалап берсең санай албай санаасы онго бөлүнгөн Анарбаев, эми минтип миллиондорду Таластын бакубатчылыгы үчүн бөлүп берип, Мураталиевдин мурду жеткен бийиктиктерди гана карап жетекчи болуп олтурат. Мындай көрүнүш облустун элдеринин бир тобунун акыл парасатын, ыйманын, деңгээлин гана бузуп, айрым акылдуу, чыныгы кесипкөйлөрдү да Мураталиевге окшогон чолок саясий жетекчилердин алдына “ күнкарама” болууга гана айландырып берүүгө жарап жатат. Коомдо кошоматчылык гана адам болууга, бай жашоого, мураска жетүүгө чоң өбөлгө экен деген түшүнүктөрдү пайда кылууда. Элди майдалоодо. Намысын жерге киргизүүдө. Чындап келсе мамлекеттин стабилдүүгүн мына ушундай саясий жетекчилер жасап жатканын Президент Жээнбеков, УКМК, ИИМ жетекчилер билсе кана? Ал жерде ар кандай кызыкчылыктагы адамдар бар. Ооба, карапайымдар жан багуу менен жүрүшөт. Бири бирөөнүн берген тапшырмасы менен бири бийлигин сактап калсам менен кай бири капсалаңдын капшабы менен. А чындык, адилеттик, Элдин эртеңки жашоосу, экологиясы, келечеги, балдардын өмүрү деген менен кимдер жүрү? Кыргыз качан башына таш кулап, турбай калганда түшүнүп, баары кеч болгонун ошондо сезет. А түшүнүп тургандарычы? Алар азырынча, алардын жан алгычындай, бузукудай, эч нерсе түшүнбөгөн, элден чыккан жалгыз кара курттай болууда. Ооба, эл менен элсиң. Эл азыр Жерүйдүн казылып, Таластын талкаланышын каалабайт деле. Ал турсун аккчасын алып иштеп, берекесин көрүп жатканы да дилинде Жерүй кенин казылып кетишин каалабайт. Бирок, калктын капшабы алардын аралаштырып алып кетип баратат. Бийликчи? Бийлик баарын билип турат. Бирок, жогорку рычагдар жол бербейт. Башыңа балакет түшүп кетсе да, алтыныңды бекер казып кетсе да, колундагы укуругу узун бийлиги менен стабилдүүлүктү себеп кылып, тынтчыкты сактамыш этип, өзүнүн бийлигин сактап олтуруудан жакшысын көрбөйт. А келечекчи? Келечек акыры ашмалтайын чыгарып, бир тобун абакка сүйрөйт. Башаламандык мындан да жаман болот. Буга Кумтөр айныксыз далил. Бир муун келет. Баарын пытырата саясат жүргүзүп, кетирген кемчсиликтерди ордуна коем дейт. Баары оркоюп көрүнөт. Четинен камап, кустурганын кустурат. Азыр саясат тымтырстык тартып турат. Демек, ойлоп атата “баары кош көңүл, ушинтип кете берет” деп. Ооба, азыр баары кош көңүл. Жулунган менен кошоматчы гана адам болуп кетүүдө. Бул утурумдук.  Айланаң баары ошондой. Ал алыстайт. Себеби, сен кош көңүлсүң. А жаш муун жанардай атылып чыгат.

Ошондуктан Жерүй кенинин айланасындагы азыркы айтылып жаткан ар бир чындыктын жарымы болсо да чындыгына жетип, кеңешип туура жолго салып алуу маанилүү. Биз баарыбыз бир элбиз. Түшүнбөй турган жерине да, туура түшүнүшүп алууга, абалыбызды айтып, анын аркы жолдорун чечип алууга шарттар бар. Абалды баары сезип билип турат. Аргасыз кадамдарды дагы. Бирок, бир дагы аракетти туура, кеңешүү, максаттуу, реалдуу чечүүнү бийлик каалаган жок. Ишенимдин жаракасы дайымат ушул жерде. Айланып качып, камап, каралап, азуусун көрсөтүп, атайын ушак таратып, жалааларды жаап, кызыкчылыктарын сунуштап, бийлик бере коюп келе жатат. Муну бийлик жана акчасы, кызматы бар компаниялар кылууда.  Бул чечүүнүн жолу эмес. Тетирисинче, кимдир бирөөлөрдү билйикке же акчага азгыруу жана коомдун табитин бузуу гана болуп кала берүүдө. Мындан мамлекет эч качан уткан эмес жана утпайт. Алар алты жылбы, айтор акыры кызыкчылыгы кеткен кезде алардын душманы болуп, коомду бузук иштерге үгүттөөчүлөр болуп кала берүүдө. Коомдун стабилдүүлүгү мына ушундан кетүүдө.

Жерүй түшүнгөнгө текейден арзанга сатылган эл ырыскысы. Айла жок, акылсыз ал кездеги бийликтин кылганы. Ал эми экология, саламаттык дегендерге келгенде такыр эле өлкөнүн келечеги көрүнбөйт. Кала берсе, берген акчаларды да ырааттуу, максаттуу пайдалана албай жатышыбыз, келечегибизден бирдемелер жалтырап көрүнбөй жатышы, Жерүй кенинин келечекте биздин өлкөнүн келечегин түзүп бере албагандыгын айкын далилдөөдө. Баарыңар эртеңки оокатыңар үчүн бирдемени пландап жашайсыңар. Болбоду дегенди жаман балаңарды үмүт кылып, анын багып кетээрине топук этесиңер. А ошол балаңар багып кетээр оокатты эмне менен кылып жан сактаарына Жерүйдөн эмнелерди түзүп койдук деп кимиңер ойлоносуңар? Түшкөн акчаларды ар жердин сыртын шыбап, жолун жамап, пайда бербеген күнүмдүк жыргалдар мененби? Же ишенген миграция Москва сапарынабы?

Келечек, бул Жерүйдөн баарыңар иштеп акча табууда эле турбайт. Келечек, жок дегенде силер төлөгөн социалдык төлөмдөр эртең олчойгон пенсия болуп силердин дары-дармегинерди камсыздоого жарай алышында турат. Жерүйдө иштеген жумушчулар ушуну ойлонуп аны талап кылып жатабы? Мамлекет ошондой укуктар менен күрөшүп, компаниядан зарыл мыйзамдарды аткартууга жан үрөөдөбү? Жок, керек болсо компания берген нак акчалардын жарымын кармап көрсөтүп, кыңк этсе кетирем деп коркутуп, өз элин кулдай жумшап, кыргызды кыргыз тоноп жатат. Эми мамлекеттик деңгээлдеги үлүш же экология, жана башка толгон токой биздин бийлик кыла турган жактарын атабай туралы. Ал жактарда кемчиликтерибиз толо.

Андыктан, азырынча акылдашып, кеңешип баардык маселелерди туура жолго салып алууда турат.

 

 

 

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 − 9 =