Жерүй кенин жаптыруу талабы күчөй баштады

0
884

Талас облусунда жайгашкан Жерүй алтын кенинин айланасында кайрадан нааразычылыктар күчөй баштады. Буга чейин, Элдик комиссия деп түзүлгөн топ, кен жайгашкан аймакка кирип текшерүүлөрдү кылып, бир катар мыйзамсыз жана талапка жооп бербеген иштердин болуп жатышы боюнча айтып чыгышкан. Комиссия интернет булактарына өздөрүнүн жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктарын видео материалдар аркылуу жүктөп, “Жерүй кенин иштеткен компания мындай кадам менен Талас облусунун тагдырына балта чабат жана келечегин талкалайт” деп билдиришкен эле. Ал ортодо комиссиянын курамы Бишкек шаарындагы маалымат борборунун биринде коомчулукка кайрылуу кылышып, Жерүй кенин иштетип жаткан компания комиссиянын сураган документтерин бербей жатканын айтып, “элден жашырган жана мыйзамсыз жасаган иштери көп”- деп айыпташкан.  Элдик комиссиянын негизги талабы Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайдын  нормаларды сакталбай курулушу жана Талас облусундагы “Роза”шамалынын багыты өткөн жолго  курулуп калгандыгы болгон. Жыйынтыгында алар калдык сактоочу жайды жылдыруу талабын коюп, мындай шалаакылыкка жол берген компания жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышкан. Алар жүктөгөн видео материалдарда калдык сактоочу жайга талапка ылайык келбеген, уулуу заттын жер кыртышына сиңип кетпөө үчүн төшөлгөн геомембрана пленкасынын үстүнө эленбеген чоң таштардын түгүлгөнүн көрүүгө болот. Талапка ылайык геомембрананын алдына да, үстүнө да эленген топурак жаткырылыш керек экенин айтышкан. Чоң таштар төшөлгөн геомембрананы тешип, жер алдына уулуу заттын сиңишине жол берет дешкен. Компания тарап төгүлгөн калдык жарым кургак болуп түшөөрүн,дээрлик ал жерде суу болбошун айткан менен комиссия тоо этегиндеги аймакка суу ар дайым куюп тураарын, жаан чачын болоорун, сел каптоо коркунучу бар экенин эскертип келишет.

Ушул тапта “Аляьнс Алтын” компаниясы калдык сактоочу жайдагы геомемрананын бүтүндүгүн жеринде текшерип, тешиги болсо ошол жерден бүтөп берүү үчүн Эл аралык деңгээлдеги Словениялык “STNSOR GROUP”деген компанияны алып келгендигин, алар 21-январда Жерүй кенинин аймагында ачык элдин алдында ошол иштерди жүргүзөөрү айтылууда.

Бул аракеттерди Элдик комиссия өкүлү, журналист Күнболот Момоконов чыккынчылык жана элди алдоо деп баалады. Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ал:

Кызыгы, Талас облусунун экологиясы үчүн орчундуу болгон калдык сактоочу жайдын абалын текшерип, корутунду чыгаруучу ал компанияны, кызыктар Кыргызстан тарап эмес, «Альянс Алтын» компаниясы жалдап алып келгенинде болууда. Адилет иш алып барышы мүмкүнбү? Албетте, жок.

Сыягы, Жерүй кени мурдагысынан да мурдуна пок сүйкөлүп, былык иштер жабылып, кылмышкерлер сайрандап, элди көзүнө илбей, билген намазыбызды окуйбуз жагына чыгып баратат окшойт.

Ал ортодо өлкөнүн экологиялык эртеңкиси, балдардын келечеги эмес, кызмат талашып жүргөндөр жок эмес…

Болбосо, ыңкылаптан кийин Жерүй кени өрттөлүп кетти. Эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Чыгымдарды эсептеп, чырылдап жатышат. Кимдер өрттөгөнү, кимдер башында турганы тар чөйрөдө сөз болгону менен алардын жоопкерчилигин караган киши жок. Элди эч күнөөлөй албайсыңар. Ошого жеткирген элеңер…

Менимче, ал шалаакылыкка, өрттүн коюлуп кетишине ошол учурдагы «Альянс Алтын» компаниясынын баардык жетекчилери күнөөлүү. Бирөөсүнүн да ал жерде басып жүргөнгө, сүйлөгөнгө моралдык укуктары жок. Сактык иштерин алдын ала алышкан эмес. Мүмкүн, өздөрү да себепчи. Муну тиешелүү укуктук мекеме аныктаар. Ал учурда биз да өз оюбузду айтып, айрым аудио сүйлөшүүлөрдү бөлүшүп, кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмө ойлорун да баян кылабыз-деп жазып чыкты. Анын мындай ойлорун коомчулукта кубаттагандар көп болуп, коомдук ишмерлер, жарандык активистер да колдоп  чыгышууда.

Маалыматтарга караганда, ушул тапта Талас облусунда Жерүй кенинин жабылышына кызыктар тараптар көбөйүп баратканын байкоого болот. Алардын мындай аракетинин негизги себеби, Жерүй кени Талас облусунун экологиялык жана экономикалык абалына келечекте чоң таасирин тийгизет. Ошону менен катар “Альянс Алтын” компаниясы дале болсо жергиликтүү элдин талаптарына баш ийбей, билгенин кылып, аларды кыргыз өкмөтү тарап да тымызын колдоп, адвокат болуп жатканы коомчулуктун кыжырын келтире баштаган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пятнадцать − один =