Жерүй кенин соодалаган саясий “сойкулар” кимдер?

0
27

Таластага 100 тоннага жакын алтын кору бар Жерүй алтын кенин орустардын “Восток геолдобыча” компаниясы иштетүүгө укук алып, ушул кезде иш аракеттер кызуу жүрүүдө. Конкурстун шарты менен 100 млн.доллар баштапкы акчаны мамлекетке төлөп ишин улантып жаткан аталган компанияга элдик нааразычылыктардын этеги тыйылбай келет. Экологиялык жактарын айтпаганда да, аталган кенде Кыргызстандын 1%ыз үлүшүнүн жоктугу, генералдык макулдашуулардын болбогондугу да чоң чырды жаратчудай. Элдик пикирге таянсак Таласты талкалай турган проект. Мына ушундай жагдайларды эске алган тараптар, бул кен боюнча түрдүү жолугушууларды уюштуруп, мыкты атуулдук ой пикирлерин билдирип келет. Анын артында элге, жерге деген жакшы максаттар байкалган. Жакында “Жерүй кени Кумтөр сыяктуу кылымдын аферасы болбосун” деген тилектерин айткан бир топ активистердин алгылыктуу аракеттери менен Талас районунда “Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы Элдик жыйын болоору айтышкан эле. Тилекке каршы, ал жыйын уюштуруу комитети тарабынан башка учурга жылдырылган маалым болду. Мунун себебин алар, кандайдыр бир саясий күчтөр аралашып башка максатта колдонуп кетүүнү көздөшкөн адамдардын араларында бар экендиги менен түшүндүрүштү. Буга чейин социалдык баракчаларда бул жыйындын артында Курултай долбоорун ишке ашыруу үчүн жан үрөп жүргөн саясатчылар Азибек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Турсунбек Акундардын бар экени ачык болбосо да шектүү жагдайларда айтылган болчу. Бул айтылган сөздөрдүн чындыгы туура жагына окшошуп, алардын аракети менен бирге жүргөн, Куралтай долбоорун ишке ашыруучулардын бири катары белгилүү жаш активис Айбек Бузурманкулов бүгүн маалымат булактары аркылуу Курултайчылардын Өкмөт башы Абулгазиевге кирип чыгышканын, өкмөт Жерүй кениндеги алар койгон талапка, тагыраагы Кыргызстандын үлүшү боюнча маселени карап чыгуу үчүн 2 ай убакыт сураганын айтып чыкты. Айбек Бузурманкулов буга чейин Таластагы Элдик жыйынды уюштуруу комитетинде жүргөн.

Буга чейинки 1-октябрда боло турган жыйында Элдик кеңешме жыйынын артында эч кандай саясий күчтөр жок экендиги, жалпы Элдик жыйын болоору, уюштуруучулардын башында жаш активистер, буга чейин Жерүй кенине күйүп жүргөн азаматтар экени айтылган болчу. 1-октярдагы Элдик жыйындын башка учурга жылдырылышын айтып чыккан тараптар, бул аракеттерде саясий максатты көздөгөндөр бар экен деген жүйөнү келтиришкен болчу. Алардын айткандары ачыкка чыгып, 1-октябрдагы жыйындын артында ачык эле Бекназаров баштаган саясатчылар болгону бышыкталды окшойт.  Иш чараны уюштуруучуларынын бири болгон Айбек Бузурманкулов дагы башка максатты көздөгөнбү деген ойлор азыр коомдо, айрыкча Талас тарапта катуу айтылып жатканын кулагыбыз чалды.

Буга чейин курултайчылар бир топ маселе менен Президентке кирип чыгып өз иш аракеттерин жүзөгө ашырууну максат кылып жүрүшкөнү белгилүү. Көтөрүп чыккан орундуу маселелеринин ичинде Жерүй кени дагы бар экени айкын. Бирок, Таласта өтө турган жалпы Элдик жыйындын артында эч кандай жашыруун саясий күчтөр жок деп, бирок жыйын жылдырылган күнү Бекназаров баштаган Айбек Бузурманкулов төштөгөн курултайчылардын өкмөт менен жолугууга барганы кызык болуп кала берди. Албетте, өкмөттүн өтүнүчтү угуп убакыт сураганы жакшы, бирок Таласта өтө турган Элдик жыйындын уюштуруучулары катары өкмөттүн астанасын аттагандай аракети жана ага удаа ушундай маалымат таратып турушу таң калыштуу. Өкмөт менен жолугушууга Таласта өтө турган жыйындын уюштуруучуларынын ичинен Айбек Бузурманкуловдон башка бир дагы мүчөсүнүн жоктугу, чындап эле ал жыйынды башка күнгө жылдырууну максат кылган тараптагылардын чындыгына ооп калды.  Сыягы,  Батукаев иши менен кылтакта турган Турсунбек Акун, кызматка көзү кызарган Дүйшөбаев, эл эмне болсо ошол болсун, акчасы бар ажыдаарга деле адвокат болом, акчасы болсо төңкөрүш кылам деп коркутуп жүрүп таанылган “бульдезор” Бекназаровдор алдына атка жеңил тайга чак Айбек Бузурманкулов сыяктуу жаштарды салып, саясий ызы чуу аркылуу упай топтоп, Таластын элин бир дүрбөтүп, бир жагы бийлик, экинчи жагы Бабанов менен “соодалашууну” каалашканбы?.  Алдыда даагы абай салып туралы, далайы дагы чыга тургансып калды курултайчылардын.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × 3 =