Жерүй кени: өкмөт экологиялык зыяндуулук деп, кыйрап калууну элестетеби?

0
129

Талас облустундагы Жерүй алтын кенин “Алтын Альянс” компаниясы 2020-жылдын башында биринчи алтын куймасын берүү максатында казуу ишин улантып жатат. 100 млн.долларга бааланган алтын кенге жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү каршы болуп, нааразычылыгын айтып келет. Мындай каршылык Жерүй алтын кени алар жашаган аймакка жакын жайгашкандыктан. Чындап эле буга чейин ар кандай майда

иштерди жүргүзгөн “Алтын Алянс” компаниясынын аракеттеринен айылды чаң каптаган тасма тартылып алынган. Муну менен бирге, аталган компаниянын калдык сактоочу жайын куруу учурунда, ал жерден булак суусунун нуктары чыгып жатканы тартылган да тасма тараган. Маалыматтарга караганда Жерүй кенинин калдык сактоочу жайы суу нугу болбогон “Кургак сай” деген жерге белгиленген. Буга чейин жергиликтүү тургундарга ал жерде суу нугу болбойт деген маалыматтарды айтышкан. Тилекке каршы, калдык сактоочу жайды казууда суу агып чыгып турган. “Алтын Альянс” компаниясы буга чейин экологиялык нормаларды өз тартибинде сактап жатышканын, сууга эч бир зыян болбостугун, төшөлгөн баардык каражаттар сапаттуу, чыдамы 200 жылга чейин экенин ырасташкан. Демек, билгенге Таластын бул аймагы 200 жылдан кийин экологиялык катастрофага учурайт дегендикпи? Кала берсе, калдык сактоочу жайдын алдында калган сапаттуу деген пленка тешилип, цианид калдыгы суу нугуна куюлуп жатпаганын, анын алдына кирип кимдер текшерип тураары кызык болууда. Экологдор көрүнбөгөн, жер алдында калган пленканы анын сапатына, чет элден келгенине, компаниянын айтып жатканына ынанып бүтүм чыгарып, макулдук бергенин кантип түшүнүүгө болот?

Ушул тапта Жерүй кени жайгашкан аймакта кендин майда иштерин жүргүзгөн Казакстандык “ААЕ” фирмасынын  экологиялык мыйзам бузууларга барган жоруктары тууралуу тасма тарады. Анда аталган фирма Жерүй кени жайгашкан жерден алыс эмес, айылга жакын талаага, өздөрүнүн жумуш учурунда чыккан калдыктарын таштап, артын тазалоо үчүн көмүп койгон. Маалыматтарга караганда ал жерге уруксаатты ооз эки гана айыл өкмөтү берип койгондугу айтылууда. Элдин нааразычылыгынан улам “Алтын Альянс” компаниясы жана экология кызматкерлери атайын айып салганы маалым болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Жерүй кенин иштетүү укугуна ээ болгон «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин жана  Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Экологдор, Экотехинспекциясы  «Жерүй кенинде экологиялык мыйзам бузуулар эч качан болбойт» деп көп ирет айтышкан. Ал эми өкмөт тарап болсо эгер Жерүй кенинде кичинекей эле экологиялык мыйзам бузуулар болсо, ал жердин ишин токтотууга мажбур болушаарын эскертип келишет. Алтын казып баштай элек компаниянын бир топ мыйзам бузууларын, экологиялык зыяндуулугу боюнча бир топ адистер жана жергиликтүүлөр айтып, ал турсун ар кандай видеолорду таратып чыгууда. Бирок, өкмөт алар боюнча алгылыктуу аракеттерге бара элек. Кебетеси, Кыргызстанда экологиялык зыяндуулук деп адамдар же мал жан    кыйрап калган учур эске алынат окшойт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четырнадцать − один =