Жер саткан шылуундардын катарын Сокулук акиминин орун басары толуктады

0
492

Сокулук районунун акиминин орун басары Алмаз Таштемиров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Укук коргоо кызматкерлеринин маалыматы боюнча, райондук администрация тарабынан алдамчылык жол менен иш алып барылгандыгы боюнча 42 жаштагы А.Э. аттуу жарандын арызынын негизинде камакка алынган.

Анын айтымында, “2013-жылы учурда иштеп жаткан Сокулук районунун акиминин орун басары Алмаз Таштемиров А.Э.атуу айымдын ишенимине кирип, 40 миң АКШ долларына Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу үлүш жерлердин 1 гектар жерин мыйзамдаштырып берем” деп акча алган. Тилекке каршы ушул убакка чейин убадасын аткарбай, создуктуруп келген. Топтолгон материалдар боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин № 166-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Алмаз Таштемиров 1974-жылы Ош облусунда туулган. 2009-жылдан тарта азыркы убакка чейин Сокулук районунун администрациясында иштеп келген, учурда убактылуу кармоочу жайда жана тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семнадцать + 15 =