Жээнбеков Рахмонду расмий иш сапар менен Кыргызстанга чакырды

0
66
Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын карым-катнашы жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек-Дүйшөмбү-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарды көбөйтүү керек. Мындай сунушун Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда Тажикстан Республикасына расмий визитинин алкагындагы сүйлөшүүлөрдө тажик тарапка билдирди.
Ошондой эле, Кыргызстандын Президенти тажикстандык спортчуларды биринчи жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканы үчүн ыраазылык айтып, Тажикстан быйыл сентябр айында өтө турган үчүнчү Көчмөндөр оюндарын дагы колдоого алаарына ишенээрин билдирди.
Аны менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков тажик тарапты Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык форумга жана «Ысык-Көл форумунун» 30 жылдыгына катышууга чакырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девятнадцать − 9 =