Изи жоголгон иш же Иманакун уулу менен Сарпашевдин коррупциялык схемасы

0
742

 

Мындан туура бир жума мурда Ютуб каналдардын бирине Бишкек шаарынан жер алып 100 миң деген Америка акчасына алданып калган жарандын Президент Садыр Жапарвго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуусу чыккан эле. Анда Турдумамбетов Бакыт аттуу жаран,  мыйзамсыз жер сатуу боюнча Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы жана ушул кезде иштеп жатышкан  Талант Иманакун уулу, Азамат Сагындык уулу, Рыспек Сарпашев жана Улан Бейшембаевдерден 9 адам  жабыр тартышканын айтып видео кайрылуу кылып даттанган эле. Сөзүндө  жабырлануучу, 2012-жылдан 2017-жылга чейин калаа бийлигинде өздөрүнүн коррупциялык схемасын кылып жүрүшкөн жогорудагы кызматкерлер, алардан жерлердин документтерин бүтүрүп беребиз деп акча алышып, ошол күндөн ушул күнгө чейин бүтүрүшпөй келишкени айтылат.

Видео кайрылууда Турдумамбетов өзүнүн коопсуздугу үчүн алардын ар бири менен сүйлөшүүлөрдү  жана аларга акча  берген убакыттарды тартып жүргөн. Тасмада баардык коррупциялык иштер ачык көрүнүп, жогоруда аты аталган жетекчилердин айрымдары акчаны санап алышканы да бар. Кыскасы, видеодо Тазалыктын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашев менен Талант Иманакун уулу жана Азамат Сагындык уулунун жер коррупциясына ачык эле аралашканы, ал турсун кимиси канча акча алып, кимдерге бергенине чейин өздөрү шурудай тизмектеп айтып беришүүдө.

Учурда, Бишкек шаарынын мэриясын ичинен иритип, кимдер коррупциялык иштерди жасап жүргөнү боюнча коомчулукка аз убакытка чыгып, бирок жок болуп кеткен видеого кимдердин кызыкчылыгы бар болуп жатышы мүмкүн?

Жабырлануучу ачык эле ал жерде өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу кылып, мындай коррупциялык иштерге аралашып, кызылдай акчаларын ар кандай алдоо жолу менен алышкан эргулдар эмнеге жазаланбайт (?) деген суроону койгон. Тилекке каршы, прокурор Зулушев, УКМК жетекчиси Ташиев, мэр Абдыкадыров тараптан  бул иш боюнча эмне аракеттер болуп жатканын ачык айтыла элек. Бишкек мэри Абдыкадыров жакында ЖКнын жыйынында шаардагы коррупциялык иштерди жакшы билээрин, алар жакында ачыкка чыгат деп айткан болчу. А мүмкүн мэр чындап эле ушундай иштерди ичинен көрүп, чын дили менен коррупциянын куйругун кырккысы келип жаткандыр. Оозунан сөзү бүтө элек жатып, жогорудагыдай адам үрөйүн учурган коррупция схемасы коомчулукка чыгып кеткен эле. Тилекке каршы, ал видео эч бир кызматтын же ММК өкүлдөрүнүн колуна тийбей жок болуп жатышы таң калаарлык болууда. Социалдык түйүндөрдө айрым жарандар ал видеону көчүрүп калышканын, жакында чыгаарын айтып калышканын көргөн жайыбыз бар. Бирок ушул кезге чейин видео коомчулукка кайрадан чыга элек. Баса, жогруда биз сөз кылган видеодо ачык эле акча алып коррупция ишине аралашкан Талант Иманакун уулу дал ушул видео ютуб каналга чыккандын эртеси,  Бишкек архитектуралык-курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Мына кызык.

Албетте, мунун айтып жатканыбыз коррупция схемасы кан-тамырыбызга, жаныбызга кирип кеткени өкүндүрөт. Кыңыр иш кырк жылда демекчи, коомчулукка чыгып кеткен бул кылмыш иш эми аягына чыкмайын, тийиштүү жетекчилер коррупция менен күрөшүп жатканы боюнча сөз кылбай  деле коюшун айткыбыз келет.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

20 − тринадцать =