ИИМдин билдирүүсү, “иттей” туура эмес болуп калды

0
2

Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг уюштурабыз дегенден бери ИИМ жетекчилеринин уйкусу тынч эмес. “Саман учту десе, Самарканд өрттөңдү” деп, элди өздөрү козутуп жаткандай эле түр берет. Кечээ, Борбордук Ала-Тоо аянтында абакта жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, элдик уул деген Жапаровду боштондука чыгаруу талаптарын айтышты. Кыргызстандын ар жеринде митингдер өтүп, Жапаровду колдоп турушканы маалым болду. Мына ушул иш чараны өткөрүү алды, ИИМ өз милдети катары коомчулукка билдирүү таратты. Албетте, коопсуздук үчүн ал керек нерсе. Болгону, мыйзамда көрсөтүлгөн билдирүү эмес, ашыкча болуп кеткени айкын көрүндү. Мыйзамда баарына бирдей эле чаралар көрсөтүлсө керек. Ал ким болбосун, керек болсо ИИМдин  өкүлүбү, министр өзүбү мыйзам чегинде гана чара көрүлөт. Бирок, ИИМдин ал билдирүүсүндө “Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт”-деп жазылат. Катуу чаралар болгондо кандай, мыйзамдан да аша чаап жөнөкөй элди сабайт белеңер же башкасы да бар беле? Ооба, тартип бузган адам мыйзамдын чегинде өз жазаасын алууга тийиш. Бирок, ИИМдин катуу чараларды көрүп жазалаган жактарын уккан эмес экенбиз.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

10 + девятнадцать =