Кайсыл алкымсоолор үчүн гранддар келбей жатат?

0
3

ЖКнын жыйындар залында кызыктуу дагы бир жагдай орун алды. “Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой оорууга чалдыгат” дегендей Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып аз жерден таламайга кала жаздады. Өздөрүн элита эсептеген депутаттар, элди күнөөлөп, коомдук пикир айткан тараптарды көп учурда “кичине ишти да дөөдөй кылып, ырбатып жиберишет” деп калат. Чамасы өздөрү деле бөөдөй ишти дөөдөй кылып жиберишти.
Жыйында депутаты Сайдулла Нышанов Аскарбек Токтошевге кайрылып жатып, аларды ишин сынга алып акча жок болсо элге жок деп эле айтуу керектигин билдирди. “Болот-болот деп, бирок беш жылга чейин эч нерсе болбогондуктан элде суроо пайда болуп жатат. Сиз финансы жок болсо «болбойт», «жок» деп ачык айтышыңыз керек», — деди депутат.

Өз кезегинде Токтошев элди таза суу менен камсыздоо тармагына акча тартуу иштеринде 2016-жылга дейре 8 жылдай вакуум болуп калганын айтты. Анда депутат Нышанов «анын себебин сиз жакшы билесиз, биз алдап койгонбуз» деп Токтошевге кайрылды. Камырабаган Токтошев анын сөзүн кубаттап:

«Биз алдап, берген акчаны жеп койгонбуз. Ошон үчүн насыя, гранд берчүлөр бизге ишенбей калган. Ал эми азыр болсо бизге ишеничи бар, ошондуктан берилип жатат», — деди.

Анда  вице-спикер Мирлан Бакиров таң калуу менен Аскарбек Токтошевге «канча жегениңизди айтып койсоңуз?» деп кайрылды. Департамент жетекчиси Бакировдун суроосуна күлүп гана кутулду. Сөз кудурети жаман эмеспи, аз жерден Токтошев ЖКнын ичинен “жегич” болуп чыгып, жертөлөгө кетип кала жаздады.

 

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × два =