Кайсыл партиялардын канчалык «шансы» бар?

0
51

Күлүк болушса башка кеп эле, саяпкеринин таптаган аракетине жараша сындап, ошондон бүтүм чыгарат элек. Бирок, бул шайлоо. Мыктыларды эл тандайт. Шайлоого деле күлүк сымал мыкты тай-кунандар катышса ошого жараша бүтүм чыгарса деле болот. Тилекке каршы, андай эмес. Бул көп жылдык тарыхы, баскан жолу бар “кыргыз саясий” жолу. Тандоодо баары иштейт. Тууган-урук, куда-сөөк, кыз-кыркын дегендей. Башкысында акча туруп калышы да турган иш. Буга чейин шайлоо үчүн кайсыл партия канча каражат топтогону белгилүү болду. Алдыда “Биримдик” партиясы экен. Көп акча топтогону деле белгилүү. Бийликчил партия. “Келип калышы толук мүмкүн” деген үмүткерлердин баары ошол жерде. Акчаны деле “гарантиясы” менен салгандай болушат. “Келип калышы да арсар” деп айта албайбыз, бирок бир топ кыйынчылыктарды көрөт. Ушулардын айрым аракети үчүн да шайлоодон кийин көп чырлар болушу мүмкүн. Болбой эле “бийликчил” деген синдром бир топ эсти оодарат.

Экинчиде “Кыргызстан” партиясы. Акчасын айтабыз, акчасын. А бирок, шайлоодо экинчи келиши ал кудайдын эле буйругу.  Акыркы эле ызы-чуулар, анан ичиндеги айрым адамдар үчүн шайлоодо жакшы эле шайы оойт. Бирок марага келип жыгылат.  “Бир бол” партиясы деле бир топ акча чогулткан экен. Мында кандай шансы бар экени да маалым. Татыктуу жаш талапкерлерди чогултуп чыкты. Лидери Сулайманов деле жаман эмес. Чач өсүп анысы кайра агарганга чейин аракетин көрүүдө. Көрөбүз, мээнети кандай жанаар экен

“Ата Мекен” партиясы дагы бир топ. Арасында жаңы, жаш талапкерлер көп. Кадыры калкка сиңген карышкырлары да бар. Болбой эле бир топ электоратты топтой алган. Лидери Текебаев дагы жаңы жүздөргө жол бошотуп берди. Анысы да бир топ упай болуп берет.

Оо, мына эми “каттасына” келдик. “Мекеним Кыргызстан” партиясы. Укканда үрөй учурат. “Куп гана кошулуп, келечекти кура турган партия ушул”-дейт, дегени турасызбы? Жок. Акчасы көп, аптаракаттары жок. Арасында алдуу-күчтүүсү, жашы деле бар. Бирок, жалаң акчалуулар. Жок дегенинин  “Дордойдо” контейнери болсо керек. Списокторун карап, “карызды ушулар эле төлөп койсо ээ” дегиң келет, бирок антишпей калсын. Акчанын опутуна салса, анда ушулар деле алдыңкыларга кошулуп калышы мүмкүн. Аны биз айткан жокпуз, “коомчулук” деген коомдук сайттар айтып атыры.

Ташиев баштаган “Мекенчил” партиясын азырынча эч ким этибарына албай жаткан сыяктуу. Акчасы аз болгон менен калк ичиндеги кадыры жакшы эле. Ташиевди Баткен баштаган түштүктүн бир топ жери колдосо, мигранттардын көбү деле Садыр Жапаровго жан тартып тургандай. “Кен байлыктарды сактайбыз, сатпайбыз, бербейбиз” дегендин көбү эле аларды айтып жатканы бар. Булар дагы мараны аттап, алчусун алып калчулардан.

Эми эмнеси болсо да шайлоону элдин тандоосу чечет. Акчага сатылса, алдыга озуп  азап көрсөтөөрлөр келет, чыныгы тандоо кылса чыйт түкүрөөр жашоо курбаса да, чайналган жашоодон кичине көтөрөт. Эл чечет баарын. Тандоодон жаңылбайлык айтор.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

тринадцать − семь =