Быйылкы кыш деле шаардагы ыш маселеси менен башталды. Коомчулуктун нааразычылыгы күчөп, ЖКнын жыйынына чейин жетти. Кызыл чеке түшкөн депутаттар ыш себептерин ар кандай жоромолдоп, жообун тийиштүү жетекчилерден сураган менен жообу түрдүү болуп чыкты. Унаалардан чыккан түтүндөр, шаардагы ТЭЦ баштаган мончолор жана жеке үйлөргө жагылып жаткан сапатсыз көмүр экенин көпчүлүгү айтышты.
Учурда шаар ичинде ыш кадыресе жоголуп, кечке маал гана пайда боло калып жатканы байкалууда. Бул баарыбызды таң калтырган менен Бишкектеги ыштын заматта жоголуп, кайра пайда боло калган себептерин азырга дейре эч ким дааналап айта элек.
Бүгүн соц желеде Бишкек шаарындагы ыштын негизги себебин ТЭЦтен көргөн талкуулар чыга баштады. Анда Бишкек ТЭЦтен чыккан кара түтүн калаанын башынан каптап, аягына чейин, тагыраагы Сокулук районуна чейин жол сыяктуу уланып турганын алардын сүрөттөрүнөн даана көрүүгө болот. Маалыматта: ТЭЦтен чыккан түтүн Бишкектин чыгыш – түндүк тарабы менен батышты көздөй каптап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы менен кайрадан чыгышты көздөй шаар ичин аралай жылат дегендей айтылат. Албетте, бул канчалык чындык экенин атайын адистер айтышаар. Ошентсе да, шаар ичиндеги бирде жоголуп, бирде пайда болуп турган “сыйкырлуу” ышка коомчулукта сөз болуп жаткандай эле ТЭЦтин дагы салымы бир топ эле болсо керек.