Калк салтындагы кайрымдуулук

0
3460

Кыргыз-эзелтеден жакындарына колунан келген жардамын берип, боор тарткан-кайрымдуу эл болгон. Бул түшүнүк тагыраак айтканда, кайрымдуулук алардын улуттук аң-сезимине, менталитетине терең сиңип, атуулдук милдетине айланган. Ошондой эле, ал адамдын асылдыгын, улуулугун аныктап, коомдогу биримдикти, ынтымакты камсыз кылып турган. Терең философиялык мааниге ээ болгон бул кайрымдуулук түшүнүгү кыргыз маданиятында дагы кандай ролду ойногон? Бүгүнкү кыргыз турмушунда кайрымдуулук кандай орунда турат? Сөз ушу туурасында болмокчу.  

14256605_1047946755322462_1307404130_nКөлбүбү САРИЕВА, философия илимдеринин доктору: “Көчмөн турмушта эр-жигитти элди, эл эр-жигитти сактап бири-бирине кайрымдуу болушкан”

— Көчмөн маданият, анын өзгөчөлүгү көчмөндүн табигый чөйрө менен тыгыз байланышып, белгилүү бир мейкиндикте көчүп конуусу менен өзгөчөлөнгөн. Муну менен катар  көчмөн адамдардын салттуу баалуулуктары көчмөндүк жашоо образынын өзөгүн түзгөн. Мына ушул көчмөн турмушта жогоруда биз сөз кылган кайрымдуулук түшүнүгү кенен мааниге ээ болуп, кыргыздын көөдөнүндө, дилинде, дээринде байырлаган. Анда, кайрымдуулук-башына иш түшкөн адамга колдоо көрсөтүү, колунда жок адамга мал-мүлк күтүүгө жардам берүү, аксап турган ишти бүтүрүүгө түрткү болуу, мүңкүрөп турган адамдын көңүлүн ачуу сыяктуу жагдайларда колдонулуп, адамдын жан-дүйнөсүндөгү мээримдүүлүктү, боорукерликти, кечиримдүүлүктү, жөнөкөйлүүлүктү ойготууга кызмат кылган. Өзгөчө ата журтту коргоого, уруу, эл биримдигин сактоого кажыбас кайратын жумшаган баатырларды эл өзү  “мекенине күйүмдүү, кайрымдуу бол” деп тарбиялап келишкен. Тигинин баласы же мунун кызы дебей бир айылдан чыккан кыз-баланы жалпы коом тарбиялоого укуктуу болгон. Ошондуктан азыркы күнгө чейин “кызга кырк үйдөн тыюу” деген макалдар айтылып келет.

Көчмөн турмушта баатырлар кандай гана кыйынчылык болбосун өзүн жалгыз сезишкен эмес. Анткени эр-жигит элди, эл эр-жигитти сактап бири-бирине кайрымдуу болушкан. Баатыр өз эркиндиги, көз каранды болбостугу, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн дайым күрөшүп, адамдык асыл дөөлөттөрдү анын ичинен кайрымдуулукту туу тутуп, аздектеп, кийинки муунга өткөрүп турган. Кайрымдуулук үчүн алар ар кандай кыйынчылыктарга баарууга даяр болушкан. Маселен, жарытылыштын мыйзамдарына карама-каршы чыккан «Кожожаш” эпосундагы Кожожаш өз башына жана  үй-бүлөсүнө түшө турган трагедиялык конфликт-ситуацияга карабастан, Сур эчки менен айыгышкан кармаш жүргүзүп, ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып,  өлүмдөн сактап калган. Кайрымдуулук кыргыздын ар бир тарбиялык сөзүндө, жасап жаткан ишинде болгон. Жада калса эгин-тегин айдаган учурда “бул мискиндерге, бул чымчыктарга калганы бизге” же

“Кырча-кырча басканың,
Кырман толсун оп майда,
Даны бизге пайда,
Топону сизге пайда,
Майда-майда-майда,
Тилек кылдык кудайга”- деп айтылып, себилген.

Кийин Кыргызстандын Россия падышачылыгына кошулушу,  Ала-Тоодо Совет бийлигинин орношу көчмөн турмуш менен коштошууга, индустриалдык жактан өнүгүүгө шарт түзгөн. Мындай саясий окуялар коомчулукка өз таасирин тийгизип, кайрымдуулук иши  бир системага салынды. Маселен, бул мезгилдеги орунтту окуяларды эске салсак кыргыз жергесинде, Россия падышачылыгынын, кийин СССРдин мүчөсү катары, согуш учурунда кайрымдуулук иштери уюштурулуп, Кыргызстандын айыл эмгекчилери оор кыйынчылыктарга карабастан фронттогу жоокерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда зор кайраттуулукту көрсөтүшкөн. Тылдагы эмгекчилери фронтко өнөр жайдагы, талаалардагы, мал чарба фермаларындагы кайратман эмгектери менен гана жардам бербестен жеке каражаттары аркылуу да жардам көрсөтүшкөн. Өздөрү материалдык жактан кыйынчылыкта жашап жаткандарына карабастан карапайым калк фронт үчүн өздөрү чогулткан байлыктарын, эмгек акысынын бир бөлүгүн, баалуу буюмдарын, алтын, күмүш жасалгаларын, тамак- аш продукцияларын жөнөтүшкөн. Эгемендүүлүктү алган кийин кайрымдуулук түшүнүгү заманбап көз караштар менен айкалышып, кайрымдуулук фонддордун долбоордук иштери  аркылуу жүргүзүлүп баштаган. Мындан улам эл өкүлдөрү “Кайрымдуулук ишкердик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (1999-жылы) кабыл алганын билебиз. Бүгүнкү күнгө чейин бул мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде жеке адамдар, уюмдар материалдык жактан жардам берүү же элге пайдасын тийгизген бир объект салып берүү сыяктуу кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Демек замандын талабына, шартына жараша калк салтындагы кайрымдуулук өз учугун улап келүүдө.

Эң негизгиси кандай гана тарыхый процесстерди башыбыздан өткөрбөйлүк, кандай коомдо жашабайлык ар бирибиз кайрымдуу болуп, аны кийинки муунга өткөрүп бергениз жакшы. Ал адамдын жан дүйнөсүндө түгөнбөгөн ырахат, бактылуулук калтыра турганын эч унутпашыбыз керек.

14269366_1047946831989121_938505399_nБактияр ТОКТОГАЗЫ УУЛУ, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси: “Адамдардын бири-биринин көңүлүн көтөрүп, жакшы сөз айтышы да өзүнчө кайрымдуулук”

— Кыргыз эли башка тектеш түрк элдери менен катар ислам динин кабыл алып, мусулманчылыкты өз жашоосуна киргизгенден  кийин, кайрымдуулук калкыбыздын калың катмарына дагы бир ирет өзүнүн тазалыгын аныктап, коомдогу актуалдуулугун арттырды десек болот. Анткени, ислам дини башкаларга кайрымдуу болууну, жардам берүүнү элге көрүнүү, эл алдында кадыр-баркка ээ болуу үчүн эмес, бир гана Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жасаш керек деген концепцияны ортого койгон. Ислам дининде кайрымдуулук бир гана материалдык мүмкүнчүлүк менен чектелбейт. Адамдардын бири-биринин көңүлүн көтөрүп, жакшы сөз айтышы же жөн гана жылмаю да өзүнчө кайрымдуулук болуп эсептелет.

Ислам дининде ар бир кайрымдуулук Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жасалган болсо, мындай жакшылыктын чоң-кичине ажырымы болбойт. Балким, ал багытта кичинекей жакшылык дагы көптөгөн баалуу нерселерден артык болот. Кээде кайрымдуулук ниетинде ташталган ар бир кадам көптөгөн береке, пайда алып келет. Ошондуктан, таза ниет менен Кудай жолуна пенде өзүн арноосу керек. Колдон келген жакшылыкты эч кимден, эч нерседен аябашы зарыл.

Айжаз САКИЕВА

Эл деми 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × три =