КАЛПТЫН  КАЗАНЫ КАЙНАБАЙТ !

0
9

Азил-чыны  аралаш

КАЛПТЫН  КАЗАНЫ КАЙНАБАЙТ !

-Урматтуу Эшмат Ташматович, Жогорку Кеңешге депутат болуп келгениңизге чейин артка бир кылчайып, эмгек чыйырыңызга саресеп салсак?

-Кедей, өтө жарды үй-бүлөнүн 13 баланын үчүнчүсүмүн. Кенедейимен кетмен чаап, чарчадым, чаалыктым дебестен ойноп отуруп албай,  колум жооругуча, белим ооругуча мандай терди шыпырып коюп иштедим.

-Айылдык кеңештин депутаты, андан соң айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими болдуңуз. Ошол баскан жолуңузга баян кылып берсеңиз ?

-Кетменди кериле чаап, картошка сугарып жатсам айылдыктар “сенден таза киши жок, айылдык кеңешке депутат бол” дешти. “Майли” дедим. “Кара кылды как жарган калыс адамсың айыл өкмөтүнүн башчысы бол!” дешти. “Майли” дедим. “Табиятыңан таза адамсың ,чабытың алыска чапкан акылман адамсың, аким бол!” дешти. “Майли” дедим. Көптү көргөн көрөгөч, көңүлдү көтөргөн көпкөлөң тартпаган адам экенсиз, партиянын 67 катарынды болсоңуз да ЖКга депутат болуңуз” дешти. “Майли” деп депутат болуп отурам, укам.

— Айыл өкмөт, аким, губернатор, депутат болуш үчүн атайын тариф бар дегенин кулагым чалды эле ?

-Болсо болгондур. Бирок, мени эл шайлаган жок. Мени партиянын лидери 67 кезегимен биринчи орунга чыгарып, депутат кылып отургузуп койду. Албетте, берчүсүн берүүгө туура келди. Аны айтууга оозум барбайт.  Калп айта албайм. Калптын казаны кайнабайт!

-Депутат болуп көп ойлонуп отурганыңызды телевизордон көрүп жүрөбүз, ооз ачпайсыз го ?

-Биз “балык”, “дудук”, “оозуна талкан салып алган” деген депутаттардын катарына киребиз. Ооз ачып жаман-жакшы көрүнуп эмне кылам. 100 миңдеген айлык жүрүп жатат. Андан сырткары бир топ сыйургал, сый-урмат дегендер бар. Мыйзам жазып, эл үчүн канатын каккан он чакты эле кесиптештерим бар. Алар Эльвира Сурабалдиева , Төрагабыз Дастанбек Жумабеков, Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев, Исхак Масалиев, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев, Кенжебек Бокоев, Айнуру Алтыбаева, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Касымалиевалар чыныгы элге кызмат кылган кесиптештерим. Калгандарыбыз өз байлыгыбызды өркүндөтүп, өз көмөчүбүзгө күл тартып, бизнестин битин сыгып, калп да болсо “элим, жерим” деп урдуруп  коюп жүрмөй.

Коопсуздук шаардын долбоору өз жемишин берип жатабы ?

-Менин оюмча мамлекетке инвестиция тарта албай катардагы айдоочулардын чөнтөгүн каккан эле долбоор окшойт. Айып пулду олчойто коюп, эл ташыган таксистердин эптеп тапкан акчасын алдап алып, миллиондогон сомдорду бөлүп алмай. Коопсуздук шаар болуш үчүн алгач жол чырактарын оңдоп,жолдорду кеңейтип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бала бакчага, мектептерге, окуу жайлардын алдына жана башка орчундуу жерлерге камераларды коюп, элдин коопсуздугун камсыз кылыш керек болчу. Баланча жерге тукүнчо камера орнотулду, мынча миллион сом түштү деген отчетторду угабыз. Келечегин көрө албайм.

-Мыйзамдагы ууру Батукаев боюнча оюңузду ортого салсаңыз ?

-Батукаевди бапестеп, баскан жолуна килем төшөп узаткандар чекесинен чертилип камалууда. Бул боюнча дагы далай жыландын башы чыгып, бир тобу камалат. Бирок, камайт десе эле эч күнөөсү жок табиятынан таза иштеп жүргөн, принципиалдуу эмгектенип келген Аида Салянованы төрт жашар кызына карабай, бир прокурордун көрсөтмөсүн көзгө кармап, камап каткырып коюп, корстон болуп отурушат. Андай кыйын экен, шер экен Батукаевдин өзүн алып келип, түрмөнүн түбүнө эмнеге түртүшпөйт дейм да! Кезегинде кримтөбөлдөрдүн акесин тааныткан, оор кылмыштарды ошол замат бетин ачкан милициянын генерал-майору  Мелис Турганбаев, милициянын полковникниги Рафик Мамбеталиевдер бай тажрыйбалары менен өз иштерин мыкты билип, өтөөсүнө чыккан, чечкиндүүлүктөрү менен кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маселелерди таамай чече билишкен мырзаларды кайрадан өз ордуларында болгондо аттиң кылмыштуулуктун дуйнөсү дүңүнөн соолумак.

— Керектүү мыйзамдарды келиштире жазгандын ордуна Өкмөт башчысынан баштап, анын курамындагы министрлерди эки-күндүн биринде эрмектеп каласыңар да ?

— Ооба, аларга асылбаса кесиптештеримдин тили кычышып турат. Мен таңгалам. Өкмөтү өзүлөрү бекитет, бир аз убакыт өткөндөн кийин “өпкөгө тепкилей” башташат. Ал эми  Өкмөт башчысы айыл чарба министри, “гөлөш”,  министр аталган Нурбек Мурашевди, экономиканы өргө тарталбаган Олег Панкратовду  айдап жолго салды. Билим, илим министри Гульмира Кудайбердиеваны жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди ээрден шыпыра албай ээси ооп жүрөт. Алардын колдогон, коргогон “кудайы” бар өңдөнөт. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы болсо “гомо-сексалю” депутат Тазабек Икрамовду менен “уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаевди “тепкенин ” угуп, көрсөңөр керек.

— ЖКтин  2020-жылы боло турган шайлоосуна катышасызбы ?

-Албетте! Ээ, какый ушундай май талкан, жылуу-жумшак, арбын акчасы бар, келди-кетти жерди ким таштасын. Жеке мен эмес баары эле тымызын даярдыкты эмитен баштап, кайсы партиянын колтугуна кирип кетиштин амалын ойлоп, чуркап жүргөндөрү арбын. Бирок үкөм, бул партийний шайлоо  дегениң болбогон саясат экен. Эл баланча партияга деп добуш берет. Ал партия өткөндөндөн кийин партиянын лидери көзүн, колун карап койкойтуп депутат кылып отургузуп коёт. Илгеркидей можаритарный беле бир районго үч-беш талапкерди көрсөтсө эл бир татыктуусун тандап алат. ЖКте райондун депутатты ким экенин так билип, ага кайрылып, арыз-муңун, суроо-соболун ага айтып турушмакчы. Бирок, андай болгондо мага окшогон майлуу баштар талаада калат го. Жок ушул эле шайлоо саясатты улана берсе дейм.

— Алтынга тете убактыңызды бөлүп, кургап-тердеп куруп берген кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!

— Өзүңө да ыраазычылык, аман бол үкөм!

 

Асан  АКМАТОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один × пять =