Калыстыгынан жанган Каныбек Осмоналиев

0
304

Кыргызстандын кесиптик-техникалык билим берүү системасынын чыныгы өнүгүү тарыхын жана тарыхый фактыларды бурмалоо менен Т.Чолпонкуловдун редакциясы астында «70 лет Профессионально-техническое образование Кыргызской Республики» — деген китеп жарык көргөнү жана ал Т.Алиевдин «Становление и развитие системы профессионально–технического образования Кыргызской Республики» -деген илимий эмгегинен кол жазмасынын 78,3% материалын көчүрүү менен чыгарылганы жөнүндө мен К.Осмоналиевге 2013-жылдын 16-январында кайрылгам. Ошондогу кайрылууну эки жылдан ашык созуу менен жана мен койгон маселелерди чечүү боюнча КР ЖКнын билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин аракет жасабагандыгын кантип түшүнсө болот. Анан да, мен койгон маселелер ЖКнын деңгээлинде чечилбей жатканына таң калып турам. Анткени 2015-жылдын 16-апрелинде К.Осмоналиевден, сиз койгон дооматарыңызды сот органдары аркылуу чечүүнү сунуш кылабыз деген кат алгам.
Эми ойлоп көрсөңөр Т.Чолпонкуловдун китепти жарыкка чыгарууда өтө одоно кетирилген кемчиликтерин К.Осмоналиев билсе да, билмексен болуп, көз жумдуу мамиле кылып Т.Чолпонкуловго жан тартканынан жана өзүнүн калыстыгын көрсөтпөгөндүгүнөн, коррупциялык илдет К.Осмоналиевге жабышканбы деп ойлоп кетесиң. (Бул тууралуу кийинки сандарда кеъири маалымат беребиз)

Токташ Алиев-кесиптк-техникалык билим берүү системасынын ардагери, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер.
Бишкек шаары, Юг-2,28-үй ,2-б. Тел.(0 312) 50-29-30

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 − 2 =