Камил УМАРОВ: “ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТТЫК ЖАНА ТҮП РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫ ЖАШЫРГАНЫ БИЛИНИП ТУРАТ”

0
179

Кыргыз Республикасында системалык коррупция эң ылдыйкы денгээлден жогорку бийликке чейин малынганыбызды көп жылдан бери айтып келебиз. Бирок, канча какшанган менен коррупция менен күрөшүү өзүнүн натыйжасын бере элек. Көп учурда бирин-экин пара алып жаткандарды кармап, анан мына коррупция менен күрөшүп жатабыз деп төш каккылайбыз. Бул карапайым элдин кулагын ушалоо гана болбосо, бул системалык жемкорлор, паракорлор менен күрөшүү эместигин ар ким байкап турат. Ошондуктан,  өлкө президенти С.Ш. Жээнбеков коррупция өзүнүн тамырын өтө терең жайганын жана аны менен натыйжалуу күрөштү элдик мүнөздө алып барууну; коррупциялык көрүнүштөрдүн, фактылардын бетин ачып компетенттүү органдарга жеткирүүнү белгилеген эле. Ушул боюнча Коррупцияга Каршы Элдик Көзөмөл коомдук бирикмесинин жетекчиси Умаров Камил Саздакбаевич бизге кеп куруп, Ысык-Көл областык прокуратурасы жана Түп райондук прокуратурасы тарабынан жасалган көз жумдулуктар тууралуу айтып берди.

— Адегенде, Коррупцияга Каршы Элдик Көзөмөл (“ККЭК”) коомдук бирикмеси өз максатын аткарууда кандай натыйжаларга келүүдө?

-Айтылгандай Коррупцияга Каршы Элдик Көзөмөл “ККЭК” коомдук бирикмесинин милдети – коррупциялык кылмыштарды алдын-ала эскертүү, аны менен күрөшүү жана алып чыгуу, мыйзамдарды көздүн карегиндей коргоп, аны бузууга жол бербөө. Бир топ жылдан берки биздин тажрыйбабызда жүздөгөн коррупциялык иштерди ачып, аны далилдеп күч органдарына жана жогорку бийликке чейин жеткирип жатабыз. Көпчүлүк учурда биз берген коррупциялык фактылар – күч органдары тарабынан кандайдыр бир себептерден улам көпкө кармалып, айлап-жылдап созулуп, акыры КР ЖПКнын 28-беренесине ылайык дешип, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алып жатышат.

-Ишти козгоо прокуратура тарабынан аткарылат эмеспи, сөз куру болбосун кандай мисалдарды келтире аласыз?

-Мисалы Ысык-Көл облусунун мурунку зам.прокурору К. Шатеновдун мага жиберген катында №8-206/18   28.12.2018 ж. (копиясы тиркелет) мындай деп көрсөткөн. Ысык-Көл облусунун СО СУ ГСБЭПнын улуу следователи Дайырбеков У. 16.12.2017-жылы КР ЖПК 28-беренесинин 1-б п.2 негизинде жоопкер ОсОО “Богема” жөнүндө кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алгандыгын текшерип, 25.12.2017 ж. Ысык-Көл областтык прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарып, кайра Ысык-Көл облусунун ОВД СО СУ ГСБЭПине кайра кошумча текшерүүгө жиберген. 8-январь 2013-жылы улуу тергөөчү У. Дайырбеков кайра КР ЖПК 28-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

28.12.2018 ж. Ысык-Көл облусунун прокуратура тарабынан ушул чечимди жокко чыгарып, кайра кошумча текшерүүгө СО СУ ГСБЭПке жиберилет. Мына ушул фактылар анык коррупциянын схемасын көргөзүп жатат. Себеби эмне үчүн У. Дайырбековго кайра-кайра текшергени берилип жатат, эмне үчүн башка тергөөчүгө беришпейт. Эмне үчүн муну Ысык-Көл облусунун прокуратурасы көзөмөлгө албайт. Кейпи алар өз ара тыкыс байланышта болушу ажеп эмес. Ошонун кесепетинен текшерүү иштери көпкө созулуп келет.

-Ысык-Көл областындагы Түп районунун прокуратурасы тарабынан чыгарылган айрым чечимдерге нааразы болуп келесиз. Ошого токтоло кетсеңиз?

-Башкы прокуратуранын китебинен №368  01.02.2019 ж. кабыл алынган менин арызыма Түп районунун прокурордун милдетин аткаруучу Имер Адылбековдун колу коюлган жооп алдым. Ал Түп районундагы Арал айыл аймагындагы арыздар боюнча алган жоопко нааразы болуп жатканымдын себеби төмөнкүчө:

1.Кош-Дөбө айылындагы 10,8 га алма бак тигилген жерди Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Б.О. ошол айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеген Э. Чекировго 14.09.2012 ж. 49 жылга келишимдин негизинде бергенин аныктап, 07.04.2017 ж. ЖПК 28-беренесинин 1-б, 11-пункттун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билгизген. Буга мен макул эместигимди Башкы Прокуратурага №964 китебинде, 18.03.2019-жылы Түп районунун прокуратурасы тарабынан бул маселени үстүртөн карагандыгы жөнүндө арыз киргиздим, себеби прокуратура тарабынан эч кандай изилдөө жүргүзгөн эмес, төмөнкү фактыларды текшербестен туруп:

— Арал айыл кеңешинин чечиминин бар-жогун, 10,8 га жерди арендага берүү жөнүндө конкурс жарыялаганын, конкурс боюнча газетага жарнама берилгендиги тууралуу суроолор тыкыр текшерилген эмес. Эгерде жогорку көрсөтүлгөн фактылар айыл өкмөт тарабынан ишке ашпаса, анда айыл өкмөтүнүн башчысы Б.О.Мамытовдун жерди берген чечими кылмыш иш болуп коррупцияга байланыштуу. Бул иш боюнча Түп райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголбогондугу, ошол прокуратуранын кандайдыр бир кызыкчылыгы бар экендигин айгинелеп турат. Демек, бул жерде Түп районунун прокуратурасы менен Ысык-Көл областынын прокуратурасынын кандайдыр бир байланышы бар экени көрүнүп турат. Ушундан улам, көлдө  прокуратура тарабынан көзөмөл милдеттери начар экенин танып болбойт.

  1. Арал айыл өкмөтү мыйзамды бузуп договордун негизинде ОсОО “Терра Компани”ге №117, 10.10.2012 жылкы чечиминин негизинде жер саткан. Бул факты боюнча 27.02.2018 ж. райондор-аралык Ысык-Көл облусунун соттун чечими боюнча келишимди жокко чыгарып, ал эми жерди болсо мамлекетке кайрып берген. Ушул факт боюнча эмне үчүн прокуратура тарабынан Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.О.Мамытовго кылмыш ишин козгогон эмес. Демек, бул жерде прокуратуранын кызыкчылыгы жана коррупциялык схемасы иштеп жатканын билдирет. Бул иш боюнча Түп районунун прокурору жана Ысык-Көл облусунун прокурору билип туруп жашырганы (укрывательство) көрүнүп турат. ОсОО “Терра Компанисине” жерди сатканда, Арал айыл кеңешинин чечими жок экенин прокуратура текшерген эмес. Бул жагынан дагы прокуратура көзөмөл милдетин аткарган эмес. Бул кылмыш иши беренеси боюнча жашырууга (укрывательство) барабар жана буга жооп бериши керек.
  2. Түп районундагы Арал айылындагы бала бакча боюнча Арал айыл өкмөтүндө Түп райондук прокуратура тарабынан терең изилдөө жүргүзбөстөн бала бакчаны С. Исаков менен Б. Мамытов тарабынан бузгандыгы далилденген жок деп жазганын жана С. Исаков жер участогун өз каалоосу менен айыл өкмөтүнө өткөрүп берди деген жообу – күлкүлүү. Себеби бала бакчанын жер участогу С. Исаковдун жеке менчиги эмес да. Эмне үчүн Б. Мамытов 2002-жылы салынган бала бакчаны 18 жылдан бери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп туруп бүтүргөн эмес. Арал айылында бала бакча жок. Жаштар, жергиликтүү жашоочулар балдарын бакчага бербей кыйналып жатат. Ушул жөнүндө Б. Мамытовго кылмыш ишин козгош керек болчу. Андан тышкары Б.О. Мамытов Бишкек шаарынын тургуну М. Коңурбаевге чечим чыгарып бала бакчанын жерин берип салган. Арал айыл кеңешинин бул суроо боюнча чечими жок. Б. Мамытовдун №8 07.04.2018 жылкы М. Коңурбаевге жер боюнча чыгарган чечими мыйзамсыз. Бул жөнүндө Түп районунун жана Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан билип туруп изилдөө жүргүзбөстөн жашырганы билинип турат. Эмне үчүн Б. Мамытовго өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы жөнүндө кылмыш ишин прокуратура козгогон жок. Мен Башкы прокурорго жазган арызым №368 01.02.2019 ж. китепте катталгандан кийин гана Түп районунун прокуратурасы өзүнүн чечими менен регистрация кылып №02-119-2019-0000002 анан РПП №03-119-000001 матеиалды Ысык-Көл облусунун прокуратурасына жиберген. Эмне үчүн Б. Мамытовго коррупция жана кыянаттык кызматынан пайдаланганы тууралуу иш козголгон жок.

 (уландысы бар)

Маектешкен Асыл БЕКТЕН

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 + тринадцать =