Карганбекти каралаганга эле эмес, камаганга да болобу?

0
654

“Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма”-деген ушул белем. Карганбек Самаковдун буга чейин кылган жоруктары бүгүн коомчулукта ашкереленип, анын мыйзамсыз жер саткан аракеттери эми билинип олтурат. Кыргыз эли “Карганбектей уулубуз бар үчүн сыймыктанабыз, Манас атабыздын арбагы андай уулдарыбызды колдоп жүрсүн”-деп ал барган жеринде алакан жайып, бата тилеп жүргөн эле. Көрсө, кыргызга кылган жакшылыгынын баары адал эмес, арам акчалардын арты менен ишке ашып келгени бүгүн бизди оор ойго салды. “Карганбек мырза, кыргыздын улуу баалуулуктарын баркын ачам деп, өз чөнтөгүнөн чет жерлерге Балыкчыга барып келгендей эле барып келет”-деп жүрсөк, кара таман элдин эмгегин жеп, эч нерсе болбогондой, бетине “Улуу мурас” деген ураанды кармап, ушул күндөргө жетиптир. Бир даары анын теледен берип жаткан маеги, кулагымдан кетпей, кыргыз элинин кулагына күмүш сырга кылып айтып жаткандай туюлат. Манастын үчилтигин байыркы мурас катары ЮНЕСКОго каттатып жатып, кыргыз манасчыларын, окмуштуу-илимпоздорду, журналистерди өз каражатынан Баку шаарына алып барган. Анда Карганбек мырза, алардын баарынын чыгымын өз чөнтөгүнөн коротуп жатканын айткан. “Мыкты экен, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон жигит тура”-дегенбиз. Көрсө, чыгымын улам жаңыртып айткан Карганбек мырза капка шибеге катылбастыгын билип, эртең элибиздин алдында ушундай жоопкерчиликтүү жосунсуз жоруктарынын чыгып калаарын билген тура.

Чынында эле билген. Ал билбегенде ким билет эле? Карганбек мырзаны капканга түшүрүү иши кечээ эле эмес, мурдатан эле башталса керек. Эсиңиздерде болсо, анын ЖК ичиндеги кабинетине бир эмес эки ирет кирип, бир нерсе издегенге аракет кылынганы да жөн эмес. Ал эмне болушу мүмкүн деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, Манастын үчилтигин дүйнөлүк мурастар тизмесине каттатууга аракет кылган Карганбек мырзанын ал документтерин издеген, Абыке, Көбөш баштаган алты арамдын тукумдары эле болбосо, анда болду болбоду, анын Жаныш менен Данияр Үсөновдун дымагы менен өз пайдасына энчилеп алган карапайым элдин жер тилкелеринин документерин издеген гана адамдар болушу мүмкүн эмеспи. Алардын кимдер экенин  Карганбек мырза өзү деле жакшы билсе керек. 2010-жылкы революциядан кийинки кыргыз саясатында “мыйзам атасы” атыккан Текебаевди деле бекер жандап жүрбөгөн окшойт. Алардын ич ара келишпестиктери деле жөн жерден боло койбос. Ашыкча дөөлөтүн айтып алган Карганбек Самаков, качанга чейин Текебаевдин кол баласы болуп, “айт” десе “кыйт” этип жүрөт эле. Ошол ургаалдуу учурдун учу ушундай жоруктарга алып келдиби(?)деген дагы аргасыз ойлорго түртүлөсүң. Болбосо,  Карганбек Самаков алдоо жолу менен өздөштүрүп алган жерлер боюнча эл алдында отчёт бергендин ордуна, чындыгын өзү айтып чыкпай, маселени саясатка айдандырууга аракет кылып, айрым басылмалардын оозун адалдап жатканы да жөн жай эмес го!  Буга чейин депутат маалымдоо каражаттарына мунун бардыгы шайлоо алдында ага жасалган саясий каралоо экендигин айтып чыккан жайы бар. Баардык иштерди “былгытып” жаткандардын башында кесиптештери Каныбек Иманалиев менен Өмүрбек Текебаевдин тиешеси бар деген пикирин айткан. “Кара-Жыгачтагы жерге кыпындай тиешем жок”-деп карганып да жиберген Карганбек мырза. Кашайып кийин баары ачыкталган соң, ал жерлерди мыйзамсыз эле ёзүнө менчиктеп алганы болбосо, чындап эле ага “тиешеси жок” экени эми билинип жатпайбы. Ошентип Самаков өз ишмерчилигиндеги мындай аракетинин артын “паралап” болсо да бүтүргүсү келгенин ханга салам бербеген Баш прокуратура кызматынын өкүлү Арпачиевдин 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганынан кийин да боолгоп калууга туура келди. Арпачиев Самаковдун уулунан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Эмне максат менен экени али күнчө белгисиз. Бирок, Самаковдун санаасын сары май кылган жер тилкеси боюнча “былыктары” бышып жаткан учурда кармалганы, ал жерде бала Самаковдун кулагы тикчийгени ар кимди ар түркүн ойго түртпөй койбойт тура. Иши иликтенип жаткан кез. Саргара бөртүп, алданган жер ээлеринин  санаасы тынчыбай, “алдырып коебузбу”-деп турса керек. Карганбек мырза Манаска кылган кызматы үчүн эки дүйнөдө жамандык көрбөсүн, бирок…

Жанара Алиева

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два + тринадцать =