Карегимде түштүгүм: Таалайбек Долдоев, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун акими:”Турак жайга муктаж болгон адамдардын арызы кабыл алынууда”

0
1694

Базар-Коргон районунун экономикасынын негизин айыл чарба түзүп, жаратылышы кооз, жапайы жандыктарга, өсүмдүктөргө бай келет. Табигый байлыктардын бири Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, минералдуу суулары түзөт. Элеттеги тургундардын жашоосуна сарасеп салып, райондун акими Т.Долдоевди кепке тартык. 

-Таалайбек мырза, жергиликтүү тургундардын учурдагы талабы кандай жана ал боюнча эмне тапшырмалар аткарылууда?

— Райондо 9 айыл өкмөт бар. Базар-Коргон районунда жайгашкан айыл аймактын тургундары 100%  айыл, мал чарбасы менен киреше таап жашайт. Быйыл Мырза суу каналы жаңы курулуп, айыл тургундары менен жолугушуулар болду. Бүгүнкү күндө  күн абдан катуу ысып, региондордо 40-45 градусту көрсөтүп жатат.  Суу сактагычта 23 млн. суу запаста камтылгандыктан, суу маселеси боюнча көйгөйлөр жаралган жок. Бирок  сугат сууну дыйкандарга өз убагында жеткирип берүү эң көйгөйлүү маселенин бири. Ошондой эле, белгилүү болгондой ушул жылдын апрель айында күтүлбөгөн жамгыр аралаш кардан райондогу жалпысынан 48 миң гектар жаңгак аянтыбыздагы жаңгактардын көбүн үшүк алып кетти.

-Район ичиндеги өзгөрүүлөр жана чечилбей келген көйгөйлөргө токтоло кетсеңиз?

-Акыркы убактарда бала бакчанын жетишсиздиги боюнча маселе жаралып, былтыркы жылдары 7 бала бакча ачылды. Ошондой эле жаңы конуштарды электр жарыгы менен камсыз кылуу бир топ кыйынчылыктарды жаратса, экинчи жагынан жол көйгөйү да чыгууда.  Учурда 10-13 километр аралыктагы жолду асфальттоо иштери бүтүп, мындан сырткары 6 километр аралыктагы жолду оңдоо иштери башталмакчы. Дагы райондо туризм жаатында бир топ өнүгүүлөр болуп, иш-аракеттерди жасап келебиз. Коноктор эс алуу үчүн 5 лагерь жайгашып, 1 пансионат орун алган. Ошондой эле жеке 27 үй эс алуучуларды кабыл алып, бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы конокторду жана Казакстан,Россиядан келген туристтерди кабыл алуу үчүн кызматтар көрүлүүдө.

-Тазалыкка көбүрөөк көңүл бөлүү учурдун талабы экендигин баса белгилеп, бир катар жерге атайын таштанды таштоочу урналарды жайгаштыруу боюнча сунуш пикир айтып келесиз. Бул багытта кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Жылдын башында иш планды бекитип жатып, ар бир айыл өкмөткө тазалык боюнча тапшырмалар берилген. Райондогу тогуз айыл өкмөттө 24 таштанды таштоочу урналар орнотулган. Базар-Коргонго кирип келген ар бир конок: “Таштанды таштабагыла! Биздин район тазалыкты сактайлы!” деген аталыштагы ураан чакырыкты көрө алат. Бул ураан Ош-Бишкек жолунда жүргөн жүргүнчүлөргө жана ар бир жаран үчүн тиешелүү десем болот. Тазалыкты баарыбыз ураан көтөрүп, ишембилик райондогу жаштар комитети менен биргеликте уюштурулду. Акциянын максаты – районду таштандылардан арылтуу, жашоочуларды тазалыкка үндөө болуп саналат.

-Жергиликтүү тургундардын эң орчундуу көйгөйү катары турак жай жетишсиздиги айтылып келет. Мындай көйгөй бир гана Базар-Коргон айыл аймагында эместиги жана кезекте турган элди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн кандай багыттарды сунуштоого болот?            

-Аталган маселе боюнча иш-аракеттер болууда. Элдердин муктаждыгын кабыл алып, бул багытта “бизнес форум” болуп өттү. Базар-Коргон айыл аймагында Үч Эмчекте жалпысынан 14 гектар жер трансформация болуп, анын 7 гектар жер тилкесине генплан боюнча чоң курулуш болот. Аталган жер тилкесине 26 үй, мектеп, социалдык тармактарга керектөөчү бала бакча курулуштарынын генпланы сунушталды. Долбоордун негизинде чоң микрорайон курулуштар орун алат. Турак жайга муктаж болгон адамдардын арызын алуу боюнча айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилген. Бир үй-бүлө үчүн 8 сотых жер тилкесине 20 миң долларга турак үй салуунун ордуна 24 үй-бүлөгө ылайыктуу көп кабаттуу үй салсак болот. Келишимдин негизинде алдын ала турак үй үчүн 10% акча каражатты төлөйт. Ар бир үй-бүлөнүн социалдык абалына көз каранды эмес. Бирок начар жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жеңилдиктер каралат. Буюрса, аталган долбоордун негизинде ушул жылдын сентябрь айларында курулуш иштери башталат.

Упел АНАРКУЛОВА

Эл деми

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девятнадцать − девятнадцать =