Каржы министри коррупцияга каршы аткарылбай калган иштерди 100%га толуктоого 1-апрелге чейин убакыт берди

0
80
Финансы министрлиги 2017-жылы коррупцияга каршы иш-аракеттер боюнча иш-чаралар планын 78% аткарды. Бул тууралуу министрликтин Коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жибек Дүйшеева 3-марттагы министрликтин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган план 2016-жылдын 22-декабрында бекитилген жана ал 7 бөлүмдөн турат.

Жылдын жыйынтыгы менен планда каралган 32 иш-чарадан ичинен 25 иш-чара аткарылды, 3 иш-чара аткарылып жатат, 2 иш-чара жарым-жартылай аткарылып, 2 иш-чара аткарылган эмес.
Финансы министри Адылбек Касымалиев аткарылбай калган иш-чараларды аягына чыгарууга 1-апрелге чейин убакыт берди. Ал белгилегендей, коррупцияга каршы иш-чаралар планы 100% аткарылышы керек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четырнадцать + двадцать =