Кетирген жок, сөгүш берди     

0
7

  

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. Буга чейин министрдин жүрүм-туруму боюнча коомчулукта ар кандай сөздөр болуп, анын этикасы боюнча өкмөт дагы карап көрөөрүн айткан. Ага карабай Алымкадыр Бейшеналиевдин жарамазан айтып барган адамдар менен кошулуп, созолонто ырдаган видеосу да жарык көргөн. Мүмкүн жөн отурса да эч нерсе болбойт беле, айтор ал видеодон кийин эле бүгүн ага сөгүш жарыяланды.

Маалымтка краганда мындай айыптоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. «Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду», — деп кошумчалады басма сөз кызматы. Эсиңиздерде болсо, буга чейин министрди Таластыктарга сөз тийгизип, андан кийин “баардык чиновниктер коррупционер” деп айткан жайы бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

16 + 16 =