Кожошев казак тарап келишимдерди аткарбай жатканын айтты

0
7

 

Бүгүн эртең менен «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында 300гө жакын фура, 25тей машина, «Чалдыбар» пунктунда болсо 70тен ашык жүк ташуучу унаалар токтоп турган. Ушундан улам  Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын вице-премьери – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолукту.

Анда кыргыз-казак чек арасында өтө албай турган жүк ташуучу унаалар маселеси талкууланган. Кожошев март айынын соңунда жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатканын белгилеген. Ошондой эле келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, эки тараптуу мамилелерге кесепети тиерин айткан.

«Биз эгер коштоочу документтери туура эмес же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай автоунааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», — деди Кожошев.

.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

17 − четырнадцать =