Коркмазов түрмөдө эмес, ооруканада

0
200

Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын пара менен кармалган депутаты Хаджимурат Коркмазов ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын тергөө абагынын медициналык бөлүмүнө жаткырылды. Пара алуудан өздөрүн жакшы сезишип, анан камалса эле ооруп турбай калышат. Айтор паракор, коррупционер чиновниктер үчүн оорукана “жандалбастын” жаздыгы болду. Деги, бул ден-соолугуна байланыштуу камак ордун которгондорду сатылбаган таза доктурлар текшерип чыкса, далайы таза чыгары турган иш.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июлунда ЖК депутаты Хаджимурат Коркмазов ЖКнын мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин туугандарынан кылмыш ишин Жогорку сотто кароодо маселени оң жагына чечип берүүгө көмөктөшүү үчүн 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иши козголгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × пять =