Коррупционерлер депутат боло баштады

0
19

Эсиңиздерде болсо, мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  “Раим миллион” деп таанылган Райымбек Матраимов менен чогуу бажыда коррупция боюнча схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.  Алардын көбү жумуштан алынган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Мына ошол коррупцияга шектелген Боронбаев эки күн мурун Жогорку Кеңеште ант берди. Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди. БШК анын соттуулугу жок экенин билдирген. Сыягы коррупция кылып, бирок казынага акча төлөп койгондор кылмышкер болбой ал турсун депутат болгонго да жарамдуу болуп калат экен. Кызык, жагдайлар көп болот экен. Раим “рулить” окшойт дагы деле.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два + тринадцать =