КОРУМДУДАГЫ ЖЕ КУМБЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ЖЕР ТАЛАМАЙ 

0
35

Ысык-Көлдөгү Кум-Бел айыл аймагында жайгашкан Корумду айылы көлдүн жээгинен ашып кетсе жүз метр жакындыкта жайгашкан. Көл менен айылдын аралыгындагы ошол боштукка көп жыл мурун айылдыктар кара бак отургузушуп, аны бапестеп өстүрүшкөн. Бүгүн ошол бактар асман тиреп солкулдап айылга, көлгө көрк берген чакан токойго айланган. Бул бактар көл менен айылдын ортосун бөлүп тургандыктан, жергиликтүүлөр жайында көлгө түшүү үчүн ушул бактарды аралап өтүшөт. Биз бул бактарды бекеринен кеп кылып жатканыбыз жок.

Жакында эле жаз чыкпай, ошол кара бактарды бирөөлөр четинен кыя баштаганын көргөн жергиликтүүлөр андан эмне үчүн кыйып жатканын сураганда, ал ошол жерден жер тилке сатып алганын айткан. Он чакты чоъ кара бак кыялып кеткен. Көрсө кеп кылган чакан токойдун 1,8га жерин 2012-жылы ошол учурда айыл өкмөтүндө иштегендер, айылдык депутаттар эбак эле ар бири 0,6-0,10 гадан жыйырмадай жер тилкесине бөлүшүп алыптыр.

Мына ушул бактар өскөн жердин бөлүнүп кетишине  жергиликтүүлөр нааразы. Бул бак жогоруда айтылгандай, көл жээгинен көп болсо, элүү метрдей жайгашкан. Бүтүндөй айыл эли ушул бактарды аралап өтүп көлгө түшүшөт. Эгер бул жер менчикке кетсе, анда айылдыктар көлгө түшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, тээ айыл четин айланып калышат. Анын үстүнө сеъселип бийик өскөн кара бактарды кыйып салуу, көл жээгине жакын жерде турак жай салуу дагы мыйзам менен каралганын айтышат. Ал бактардын бир бөлүгү гана айыл аймагына караштуу болбосо, көбү токой чарбачылыгына карайт экен.

КӨЧӨРОВ ЭСЕНГЕЛДИ МУКАМБЕТОВИЧ, Кумбел айыл аймагынын башчысы:

“ЖЕР ТИЛКЕСИНИН БЕРИЛГЕНДИГИ БОЮНЧА  МЫЙЗАМДУУЛУГУН ОРГАНДАР КАРАШ КЕРЕК”

-Иштегениме үч ай болду. Гараждын алдынан он эки кишиге 2012-жылы жер тилкеси берилип кетиптир. Элдер ага каршы болуп тийиштүү жактарга кайрылып жаткан соъ кезек менен алышканбы анын берилиш мыйзамдуулугун караш керек. Мисалы, негизги шектенүү алты сотугун сатты делген айыл өкмөтү мурда жер комиссиясында иштеп, анан депутат болуптур. Мадинов Нурбоо депутат болуп туруп өзүнүн үй-жайы, огороду туруп, аялына алыптыр, анан дагы Дубаев Нурзат жер комиссия башчысы, карындашына алыптыр, ушул сыяктуу кезек сакталбай берилсе керек. Берилип кеткен жер айыл өкмөтүнө, калганы токой чарбасына карайт, ал эми кара бактарды кыйганы алар ошол жерди менчикке чыгарып алгандыктан аларга эч чара колдонулбады, менден сураганда экотехинспекциядан сурашын айткам. Мурунку айыл өкмөттөн 5 млн сом калдык акча калыптыр иштетпептир, негизинен жаш балдар шайланды, азыр система мындай экен, жанагы Мырзабек баштаган, Дубаев, Мадинов дегендер жаштар айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн акча менен топ ойноп, Исаков Мырзабек «жер мафия» деген лакап аты бар, жаштарды өзүнө тартып, аларга жер алып, анан акыры аны өзүнө оформить этип алат экен. Тээтиги жерде стадион бар ошону өзүнө каттатып алыптыр. Булар «биз сени депутат кылабыз, анан силер биз айткан өкмөттү шайлайсыъар» дейт экен. Менимче бул бак кыйылып сатылган жер мурдагы айыл өкмөт Дубаевдики. Сатып алган киши бактарды кыйган да. Булар сатканга алышкан окшойт. Айтылгандай мүмкүн шайлоодо соодалашкан чыгаар. Ойлосок ошондой болууда. Мен алтымыштан аштым жерим жок, ар кайсы жакта иштеп жүрүп ошондой болду, кийин жер беришти жайыт жерге кирет экен, андан уруксат алуу үчүн жети-сегиз жылдан бери үй салайын деп күтүп жүрөм.

Ошондой эле биз жолукканда нааразы болгондор: 2012-жылы ушул жер боюнча чатак болуп депутаттардын баарын кетиргенин, анан шайлоодон соъ баягылар эле кайра келип алганын, буга чейинки айыл өкмөтү менчикке чыгарып алынган футбол аянчасы боюнча укчукпаганын, Садыр Жапаровго сатылып кеткен жерлер бар экендигин, жана ошондой эле мурунку айыл өкмөтү бул бакка-көлдүн жээгине чоъ жолдон чыккан асфальт таштандыларын төктүрүп таштаганын айтышып, бул жердин бактарын кыйдырбайбыз, үй салдырбайбыз, кыскасы ушул маселе чечилиш талап кылган 200 адам кол койгон кайрылууларын бизге дагы тапшырышты:

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫ УШУЛ КҮНГӨ ЧЕЙИН ТЫЯНАК ЧЫГАРА ЭЛЕК

Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын тургундарынан  ЖАМААТТЫК КАЙРЫЛУУ

Урматтуу президентибиз С.Ш.Жээнбековдун коррупцияга каршы аөосуз күрөш чакырыгы эл тарабынан толук колдоого алынганы талашсыз. Эл тараза, эл калыс эмеспи кандай гана иштерди жасабайлы, элдин үнүн угуп, эл менен бирге болгон жерде ийгилик болоору баарыбызга белгилүү. Бирок, тилекке каршы принциптүүлүктөн тайып, кызмат ордун аша чаап пайдаланып, мыйзамсыз кирешелерди таап, элдин кыжырын келтирген мисал Кумбел айыл аймагында орун алып жатат. 2016-2017-жылга карата бюджети 13,5 миллион сомду түзгөн айылдык аймакта көзгө көрүнөөрлүк бир дагы аракет жасалбай жеп-ичүү булагына айланды десек жаңылбайбыз. Жада калса, тургундарды жерге жайгаштыруу шарттында одоно мыйзам бузуулар болууда. Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарынын тургундарынын жер тилкелерин «кезек» менен алуусу 2005-жылдан бери бар, бирок ошого карабастан 2014-2015-жылдарда арыз жазгандар бат эле алып жатышат. Керек болсо башка жактын тургундары «күйөө балдар, күйөөгө чыккан кыздар», Оруссиянын жарандары жана мурда жер алып кайра сатып жиберип, кайра үй-бүлөлөрүнө жер тилкелерин алып беришиптир. Эл бул көрүнүшкө аябай нааразы болушуп, Кумбел айылынын аймагында 24.02.2016-жылы болуп өткөн жалпы элдик чогулушунда жер комиссиясынын жана депутаттардын мыйзамсыз жер тилкелерин жарандарга туура эмес бөлүштүрүлгөндүгү боюнча төмөнкү далилдер чыгууда:

  1. Ысык-Көл райондук прокуратурасынын мыйзамсыз берилген гараждын астындагы, көл жээктеги 1,08га трансформацияланган жер тилкелери боюнча айыл тургундарынан кайрылуу жөнөтүлгөн. Ушул боюнча бүгүнкү күнгө чейин тыянака чыга элек. Ал эми райондон келген текшерүүчүлөргө ишеним көрсөтө албайбыз. Айыл өкмөтү берген маалыматы боюнча мыйзамсыз жер алгандардын тизмеси:

1). Дубаев Нурзат, мурунку айылдык депутат, жер комитетинин төрагасы.

2). Дубаева Керез, 0,6 га. (Дубаев Нурзаттын карындашы, айылда жашабайт, азыр Россияда жашайт).

3). Айткулуев Таалай, мурунку айылдык депутат, (Темир айылынын тургуну).

4). Жумаева Асыл, мурунку айылдык депутат (жер комиссиясынын мүчөсү Мадиновтун жолдошу).

5). Акимова Мээрим мурунку айылдык депутат, 0,6га (айылга келгенине 2 жыл болгон, Мадиновтун келини).

6). Табалдиева Наргиза, мурунку айылдык депутат, 0,6 га (мурунку депутат Табалдиевдин кызы, Темир айылынын келини)

7). Мамытова Сатынды, 0,6га (спикер А.Мамытовдун эжеси, өз үйү бар, балдарынын баарынын жери бар).

8). Аликеева Гульмира, 0,6га (айылдын мурунку китепканачысы).

9). Айтмамбетова Бурулсун, 0,6 га (азыркы айыл өкмөтүнүн м.а. жубайы).

10). Сакеева Арзыкан, 0,6га (мурдагы айыл өкмөттөгү бухгалтер)

11). Өмүрканов Тариэл, 0,6 га (Жаркынбай айылынын тургуну, 2014-жылы токтом чыккан).

12). Бейшеев Асылбек, 0,6га, (жер комиссиясынын мүчөсү)

13). Рыскулуев Мурат, 0,6га (мурдагы айыл өкмөтү)

14).Шаменова Айжан, 0,6га (Россиянын жараны, турмушка чыккан)

15). Шаменова Майрам (Айжандын эжеси, Корумду айылынын тургуну).

16). Сыдыков Карыке, 0,10 га.

17). Кененбаев Жашар, 0,6 га (Корумду айылынын тургуну)

18). Кудайбергенова Айтбүбү (Булан-Сөгөттү айылынын тургуну)

19). Кумакеев Тургунбек, 0,6га (айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси).

 

  1. Депутат ТҮЛӨБАГЫЛОВА Кенжекан №444 орунда турган күйөөсү АЙТКУЛОВ Таалайды №11 орунда турган орус кыздын ордун «замазка» менен өчүрүп жаздырышыптыр. 2015-жылы №90 токтомдун негизинде 3,09га алган жана ошондой эле Айткулуевдин Темир айылында туулган үлүш жери болуп туруп, «үлүш жерим жок» деп маалымат жаздырып алып, Булан-Сөгөттү айылынан да үлүш жер алган экен. Кантип коркпой туруп документти оңдоду деген суроо туулат. Биз ушул боюнча мыйзам чыгинде жооп берүүсүн суранабыз…

 www. Эл деми

Асылбек БЕКТЕНОВ, Бишкек-Корумду

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семь − пять =