«Космос сүйлөйт!!!» МААНАЕВДИН МАЯНАСЫ ЖЕ «ООРУКЧАН» ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫК ООРУКАНАСЫ

0
61


Ысык-Көлдөгү ирип-чирип бараткан саламаттык сактоо тармактары, дааналап айтканда Ысык-Көл областтык аймактык ооруканасы менен Түп райондук ооруканасы оңолгондун ордуна оңбой эле баратат. Ал эми министр Космосбек Чолпонбаев сүйлөсө «космостон» сүйлөйт. Бирок, алыскы аймактардагы абалдар менен дегеле таанышып, абалынан кабар деле албайт, сыягы. Бул ооруканалардын директорлорунун акчасы көппү же колдогону кыйынбы, айтор алар тууралуу былтыртадан бери бир канча жолу макалалар жазылды, тийиштүү органдарга кайрылуулар болду. Эч жыйынтык чыкпады. Саламаттык сактоо министрлиги «карайбыз» демиш болуп, алар менен алакалашып кеткендей эле дым болушту. Министр өз оозу менен катуу чара колдоном деп радиодон күпүлдөмүш болду эле. Андан дайын жок. Көрсө Ысык-Көл областтык аймактык ооруканасынын директору Маанаев Токтоболот менен Түп райондук аймактык ооруканасынын директору Бейшекеева Айнура министрдин жердештери- Ак-Суулуктар болот тура. Анын үстүнө айлыгың Маанаевдин маянасындай болсо, дегеле эч кимди тоготчудай эмессиң…
Акыркы алты-жети жылдан бери областтык оорукана ремонттон башы чыкпаганындай эле, анын директору Маанаевге болгон дооматтар дагы эле бүтпөй келет. Былтыр Каракол төрөтканасындагы инфекциясы, андагы майып болгон балдар д.б. толуп жаткан айыптар- армандар айтылып, андан ары жетекчи болуп иштөөгө укугу калбай калса дагы эле былк этпей отурат.
Ушул а йдын башында министр баш болгон бир топ атка минерлер областык коллегия өткөрүштү. Анда дагы областтык оорукананын директору Маанаевге карата бир топ; «Мобилдик клиника» проектисинде, мамлекеттик сатып алуулар боюнча кемчиликтер, мөөнөтү өткөн медициналык эмеректер, саламаттык сактоо министрлигинин буйругун аткарбагандыгы боюнча бир топ дооматтар айтылды. Андан дагы Маанаевдин 100 миң сомдон айлыктары бир тобунун оозун ачырды. Мисалы, акыркы алты-жети жылдан бери 50 000 – 150 000 сомдун тегерегинде айлык алып келиптир..? ушул кезде өкмөт башчыбыз Абылгазиевдин «бажасынын» тегерегиндеги «айлыктар» тууралуу кептердин сыясы кургай элек кезде, аймактык оорукана башчысынын ушунча маяна алаары оозубузду Ошту каратты. Айыл десе эле абал начар, бир байкуш көрүнгөн, кардары барса кашынып «өкмөт эч нерсе бербейт, төлө келе» деп эле турган бул оорууканалардын жетекчилеринин айлыктары ушул болсо, бир улуттун өмүрүнүн дарысын, ушундай эле «алтын колдуулар» азапка айлантып атпаганын кантип жашырууга болот. Бул азырынча сөзүбүздүн башы болуп турсун, ШОСто жакшы эле Саламаттык Сактоо министрине ишеним артылды. Министр Космосбек Чолпонбаев башкалардан айырмаланып, ал дүйнөлүк жыйынды биздикин берип койгула, башка бир «космос» саламатчылары» менен «саламдашып» жатканын да байкап турдук. Анан калса, жакшы демилгелерди, мыкты сунуштарды кулагын салып, кунт коюп куушуруп угуп жатты. Эгер ошондой мамлекетке берилген жетекчинин эртең бул жайдагы абалдарга аркасын салса, анда анын ШОСтогу «берилгендигинин» чындыгы кайда калаарын өзүңөр элестете бергиле.
«Факты.кж»
Асыл БЕКТЕН

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девять + восемь =