“Коңшу өлкөлөрдө бийлик, бизде эл күчтүү”

0
479

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты:

Саясат — жан дүйнө, акыл-эс, абийир менен элге кызмат кылуу
Өнүккөн өлкөлөрдө адатта саясат менен профессионал адамдар гана алек болушат. Бизде акыркы учурда коом деградация болуп, баары саясатка аралашып кетишти. Албетте бул өкүнүчтүү жагы. Учурда адамдар руханиятка караганда саясатка көбүрөөк басым жасагандыктан коомчулук, маданият адамдарын эмес, саясатчыларды жакшы таанып билишет. Акыркы 20 жылда кыргыз элине манасчы, төкмө акын, комузчу, өнөр адамдарынын жаңы мууну келди. Албетте кыргыз эли үчүн бул эң жакшы саамалык, бирок тилекке каршы саясатчынын жаңы мууну кечигип жатат. Мына ошол саясатчынын жаңы мууну келгенде мамлекетте чоң жетишкендик болоор деп үмүттөнөбүз. Мен үчүн саясат– бул жан дүйнө, акыл эс, абийир менен элге кызмат кылуу.

Саясаттагы үч улуу инсан
Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, Сингапур премьер-министри Ли Куа`н Ю жана Кытайдын мамлекет башчысы Дэн Сяопиндин жүргүзгөн саясатын баалайм. Кыялымда Кытайдын мамлекет башчыларына жолуксам деген оюм бар эле, кудай буюруп экөөнө жолуктум, Цзен Цзяминге жана Ху Цзинь Тауга. Дэн Сяопиндин болсо бүт китептерин окуп чыккам. Ал эми Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад менен жолугуп, баарлашып кеңешкенге чоң мүмкүнчүлүк болду. Демек, менин кыялдарым кандайдыр бир деңгээлде орундалды деп айта алам. Махатхир Мохамад менен үч депутат бир жарым саат резиденцияда, кийин эки саат кечинде тамактанган учурда баарлаша алдык. Тамактанган соң мен Махатхир Мохамадка кыргыздарда улуу адамдар жаштарга бата берет, биздей жаш саясатчыларга кандай насаат берет элеңиз деп кайрылдым. Ошондо мындай деген сөздөрдү айткан. “Өз элиңди өзүңдөн да жакшы көр, коррупция менен душман менен күрөшкөндөй күрөш жана адамдарды тандагандан жаңылба” – деген насаатын айткан эле.

Эли күчтүү мамлекет сөзсүз өнүгөт
Коңшу мамлекеттерде бийлик күчтүү, ал эми бизде эл күчтүү. Бизде он адам чыгып “депутат элге чыксын” деп же 30 адам чыгып “мына бул мыйзам элге туура эмес, эл менен макулдашкыла” дей алат. Коому күчтүү мамлекет сөзсүз өнүгүүгө татыктуу. Парламенттик демократиянын келишине үч багыттагы адамдардын таасири зор. Журналист, бейөкмөт уюмдар жана оппозиция. Кийин ушул күндүн барактары жазылса, Кыргызстандын тарыхында алардын татыктуу баасын алаары шексиз. Негизи кыргыз саясатчыларынан улуу муундан Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, булар мамлекеттик ишмерлер. Ал эми кийинки доордон И.Раззаков менен Т. Усубалиевдин эмгектерин баалайм.

Парламент — кеңешип кесип чечүү
Биз тандаган жол батыш менен чыгыштын колдоосуна ээ. Буга келип жаткан делегациялар жана жардамдар күбө. Кыргызстандын Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын үч добушу бар. Орто Азиянын андай добушу эч кимде жок. Парламент — кеңешип кесип, чечүү. Мурун бир үй-бүлө чечсе, азыр 120 депутат чечет. Кээде жаңылабыз, бирок көч бара-бара түзөлөт. Парламенттик модель кыргыздын мурунку түп нускасына төп келет. Калыс, сөзү өтүмдүү жүрүш-турушу үлгүлүү адамдар кеңешип иш алып барышат. Жада калса Манаста жыйын дөбөгө чыгып, кеңешип кесип чечишкен. Эч качан кыргызда бир адам чечкен эмес. Улуу кыргыз каганат доорунда 40 жашка чыкмайын каган шайланчу эмес.

Саясатка даярданууга да убакыт керек
Алгач депутат болуп биринчи чакырылышта келгенимде эң кичүүсү мен элем, сүйлөгөндөн уялып, батына алчу эмесмин. Бирок ошол адамдардын батасын көп алдым. Алгачкы беш жыл парламентаризмге үйрөнүү доору, 2005-2007-жылы күрөшүү доору, ал эми азыр профессионалдык парламентке кетүүгө даярдык. Парламент дагы тажрыйбаны талап кылган машакаттуу кесип. Бир эле жолу депутат болуп, элге таанылыш өтө кыйын. Эң кыйын парламенттик өлкөлөрдө Япония, Англия, Америкада жаңы депутаттар 10-15 пайызды түзөт, дээрлик жаңы парламентке мурункулар эле кайра шайланат. Жакшы мугалим болуу үчүн кеминде 10 жыл убакыт керек сымал саясатчыларга да убакыт керек.

Ар ким өз ишин кылса…
Учурда депутаттык орундарга бизнесмендер аргасыздан келишет. Мурун мындай эле, бийик кызматта болбосо мамлекеттик укук коргоо органдары коррупциялык жол менен, же болбосо финполиция, милиция, прокуратура аркылуу, же криминалдык өкүлдөрдүн жардамы менен ишкерлерге тийишип, иштетпей келишкен. Ал эми азыр андай көрүнүш бир канча ирет азайды. Кээ бир бизнесмен депутаттар сессияда камап койгондой аргасыздан отурушат. Бара-бара профессионалдуу парламенттик башкарууга өтсөк, бизнеске цивилизациялуу укуктук шарт түзүлсө, алар саясатка аралашпай өз оокаттарын кыла беришет. Дэн Сяопинден сурашкан экен “эркин мамлекет куруу үчүн эмне кылуу керек?” -деп. “Ар ким өз иши менен, маселен, дарыгер – ооруканада, мугалим – мектепте, саясатчы – саясатта, министр –министрликте өз иштерин кылсын” деп жооп айтат. Бизде баары аралашып кеткен, айыл өкмөт, аким, ОПГ мүчөлөрү да саясат менен алек болуп жатат.

Тарыхка аралашуу
Үч жолу депутат болуп мамлекеттен үй дагы, машина дагы алган жерим жок. Үч чоң тарыхый окуяга катыштым. Алгач Аксы окуясы боюнча меморандумдун текстин жазып, ошол учурда чыр-чатакты элдештирүүгө негизги укуктук документ болгон. Экинчи, 24-мартта бирин-бири тааныбай жатканда, эски бийлик, жаңы парламент, Конституциялык палата, Жогорку сот, Жаңы Өкмөт бирин бири таануу жөнүндөгү меморандумду түзүүгө да катыштыгым бар. Өлкөдө болгон тарыхый окуяларда четте калган жерим жок. Мен демилгелеп 8 өлкөнүн парламенти колдогон Ч.Айтматов атындагы КМШ парламенттер аралык сыйлыгы бар. Ал жылына бир жолу 12-декабрда берилет. КМШдагы эң чоң сыйлык болуп эсептелинет. Саясаттан чоң канагат алып жашай элекмин, руханияттан кээде канагат алып жашайм.

Шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен барам
Мындан беш жыл мурда каттоодон өткөн “Кыргызстан саясий партиясы” менен келем, учурда сүйлөшүүлөр болуп жатат. Өзүбүздүн пикирлеш адамдар менен элге таанымал адамдар аркылуу. Арзыбек Бурханов, Канат Исаев, Рустам Маманов, Нурбек Алимбеков, Дастан Жумабеков, Таалай Сагынов, Канат Муратбековтор сыяктуу жаңы күч болуп чыкканы турабыз. “Ат чабылбайт, тап чабылат, тап чабылбайт, бак чабылат” дейт го. Багыбыздан көрөөрбүз.

Жанара Алиева


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 4 =