Кризистен чыга албайбыз деген шылтоо

0
110
Экономист Абай АЛЫМКУЛОВ экономикабыз тууралуу анализдерин, курч ойлорун басма сөз беттерине билдирип келет. Тышкы карыз, жакында талкууланган бюджет тартыштыгы, кризис азыркы экономикалык ал ахыбалыбыз тууралуу Абай мырза менен маек курдук.

Азыркы экономикалык ал акыбалыбыз тууралуу кандай пикирдесиз. Кандай жетишкендигибиз кандай көйгөйүбүз бар?

–Экономикалык акыбал акырындап алдыга жылууда. Көрсөткүчтөр – акыбалдын күзгүсү катары сырткы көрүнүшүн гана мүнөздөйт. Өкмөттүн аракетине байланышсыз, базар экономикасынын мыйзамдары менен өнүгүп келе жатабыз. Канткенде да, көрсөткүчтөр жакшы, 6.4% ички дүң продукциянын өсүшү. Бирок, ошол эле учурда, ушул көрсөткүч адам башына канчалык экени жөнүндө көрсөткүч алигиче киргизиле элек. Ал эми чындыгында, көрсөткүчтөргө илинбеген экономикалык кубулуштар алигиче көмүскөдө. Ал тууралуу дээрлик 40%ды белгилесек болот.

Жетишкендиктер–базар экономикасына жараша, өнүгүп келе жатабыз. Өкүнүчтүүсү, өнүгүүнү жапайы, алакачты мүнөздө байкаса болот. Өзүбүздүн ички талаптарды канааттандырып келдик, бирок көбүнчөсү бул сырттан келген товарлар. Өзүбүз өндүргөн товарлар болсо, алар сырткы рынокторго экспортко чыгууда мүчүлүштөргө учурап жатат. Жетишкендик – экспорттун 29%-га өсүшү.

Дагы бир жетишкендик – ирригация чараларын жүзөгө ашырганыбыз. Мисалы, сугарылганда буудайдын түшүмү 18–20 центнерден 54 центнерге чейин көтөрүлөт. 114 миң сом берчү такыр жерлер 600–700 миң сом берсе болчудай. Эң негизгиси: жердин астынан эмес, үстүнөн пайда тапканга жетиштик. Бул деген тоо кендерди урпактарга калтырып, азыркы утурумдук маселелерди жер-суу булактарын чеберлеп сарамжалдуу иштете баштаганыбызда.

Казак кыргыз чек арасындагы көйгөйлөр экономикабызга кандай таасир тийгизди?

–Казак-Кыргыз чек арасындагы көйгөйлөр экономикабызга чоң зыян деле алып келген жок. Бирок, негизги келечектеги стратегиябызды Казакстан аркылуу эмес, Өзбекстан аркылуу багыт алууга себеп жана сабак болду. Союз учурундагы Орто Азия экономикалык район деген түшүнүк кайрадан жанданып, Казакстан катышкан Борбор Азия деген формат жоюлуп, сөз эле боюнча калды десе болот.

Зыянына караганда пайдасы көп болчудай. Себеби, эми товарлардын көбү Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтөт. Жол 956 чакырымга кыскарат. Биз аркылуу Өзбекстанга, андан ары Түркмения, Иранга дейре жаңы сызыкча пайда болот. Казак-Кыргыз чек арасындагы мүчүлүштөр Кытай, Индия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттерине сабак болду. Эми биз менен бул мамлекеттер тыгыз мамиледе болушат, себеби булардын да товарлары биз аркылуу өтүп, чек арада туруп калбашы керек.

Тышкы карыздар тууралуу пикириңиз. Тажикстан менен Кыргызстан кытайдан алган карыздан кутула албайт деген пикирлер болууда? 

–Тышкы карыздар өсүүдө. Карызды алган бир, туура пайдаланган – башка. Бирок бул мамлекеттик карыз.Тышкы карызды жабыш үчүн ички карызды мамлекет көтөрөт. Ошондуктан, жакынкы арада ички дефицитке (бюджеттик тартыштыкка) дуушар болобуз. Салык күчөйт. Көмүскө экономика буга каршы чыгып, өкмөткө басым жасайт, себеби, бул каражат экономикага эмес инфраструктурага кеткен. Андан сырткары, инфраструктураны курууда өзүбүздүн эмес сырттан келген жумуш күчү, товарлары, техника жана жабдыктар иштетилди.

Кытайдан алган карыздан кутулабыз, себеби өкмөт карыздын баарын кытайдын мыйзамы боюнча келишимге бекитип салган. Кеп – канчалык мөөнөттө. Мисалга, ТЭЦти реконструкция кылуу боюнча долбоордун карызын жабууга энергетиканын бир жыл иштеп берчү кирешеси кетет. Кандай болбосун, карыздан кутулуу керек. Карыз карызды чакырат.

Жакында жогорку кеңеште 2018-жылдын бюджети талкууланды. Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сомду түзөт экен. Келерки жылы экономикалык абалыбыз кандай болот?

–Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бара бара бул тартыштык күчөй берет. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, тышкы карызды жабыш үчүн ички каражатты топтош керек. Экинчиси, өлкө калкынын 16–20%ы сыртта иштеп кеткенде, эң жаш, күчтүү катмар кетет. Өлкө ичинде оорукчан жана картаң, социалдык шарттарын чыңдоочу катмар көпчүлүктү түзүп, бюджеттик тартыштыкка оордук келтире баштайт. Тез, кыска мөөнөттүн ичинде өндүрүштү орнотуп, жумуш орундарын кеңейтпесек, кайра оңолбос абалга барып, эгемендүүлүктү жоготууга чейин жетип калышыбыз мүмкүн. Анткени, карыздар дефолтко алып барышы ыктымал.

–Алдыда кризистер болоорун да экономисттер белгилешүүдө. Сиздин пикириңиз?

–Кризис деген – бул шылтоо. Башкара албагандардын шылтоосу. Экономика үчүн кризис барбы, жокпу – баары бир. Биздин экономика 90-жылдардан бери базар экономикасында иштейт. Өкмөттүн кризис бар же жок дегени – башка аракеттерди акташ үчүн айтылган шылтоо.

Мындай экономикалык оор абалдан көтөрүлүүнүн кандай жолдору бар?

–Экономикалык абал кандай болбосун, ал өзү көтөрүлөт. Анын өзүнүн ички табигый мыйзамдары бар. Ар нерсенин башын баштай бербей, малдын эле санын көбөйтүп койсо, дыйканчылык, сугаруу, кайра иштетүү – артынан уланып кете берет. Мал чарбасын өнүктүрүш үчүн тери иштетүү, жүндө негизделген текстиль тармагын багыттаган аракеттер керек. Бирин бири чууруп, тартып кете берет. Электроникалык жабдыктардан телефон чогулткан бир долбоор баштап койсо, билим-илим тармагын да тартып кетет.
Булак: Экономика

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

11 + шесть =