КСДПдан жаштар жарышка аттанууда

0
358

Президенттин басма сɵз катчысы Жанар Акаев шайлоого КСДП партиясынын алдыӊкы тизмесине кирүү менен барышы мүмкүн. Мындай маалыматты КСДП партиясынын жаш канатынын ɵкүлү Нуралы Нурбеков билдирди. Анын айтуусунда, бул жолку шайлоодо аталган партияга таза, активдүү жаштарды алуу божомолдонууда.

Маселен Президенттин басма сөз катчысы Ж. Акаев, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков жана КСДПнын Жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов алдыңкы тизмеде барышы мүмкүн. Ал эми жашы өтүп калган жана бизнес менен алектенгендер кошулбайт. Ошондой эле 5-чакырылышка КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болгон Ыргал Кадыралиева менен Турсунтай Салимов бул жолу партиянын катарында болбой турганы айтылды. Жанар Акаев үстүбүздөгү жылдын 2-февралында президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Буга чейин  “Азаттык” радиосунун кабарчысы, “Азаттык+”, кийин “Ыңгайсыз суроолор” берүүлөрүнүн алып баруучусу болгон

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

8 − 5 =