Кумтөр Кыргызстандын карамагына толук өттү, Жерүй кеничи?

0
55

 

 


Жогорку Кеңеште 100 тонна алтын кору бар таластагы Жерүй алтын кени боюнча маселе көтөрүлдү. Албетте, таластык депутаттар тарабынан эмес.

“Мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турган негизги 3 тармак бар: тоо-кен тармагы, айыл чарба жана энергетика тармактары. Бирок азыр бул тармактар көңүл жылытарлык маанайда иштебей жатат”, – деп билдирди Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев.
“Мен Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү катары биздин өлкөбүздөгү алтын өндүрүүчү компаниялардын түзүлгөн лицензиялык келишимдерин иликтеп чыктым. “Кумтөр” кени мамлекетибизге өткөндөн кийин, 2021-жылы 14 тонна 561 кг алтын өндүрүлгөн. Ал алтынды сатуудан түшкөн каражатыбыз 856 млн долларды түзгөн. Анын ичинен убактылуу Тышкы башкаруу киргизилгенден бери 621 млн доллар киреше түшкөн. Андан башка 2021-жылы бюджетке 13,6 млрд сом өлчөмүндө салыктар төлөнгөн. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турган, эң чоң алтын кени – бул Талас облусундагы Жерүй алтын кени болуп эсептелет. Тилекке каршы биздин Жерүй алтын кенибиз белек катары берилип кеткен. Ал болгону 100 млн долларга сатылган. Ал эми биздин иликтөөлөр боюнча Жерүйдө 105 тонна алтын бар. Азыркы күндө Лондон биржасында алтындын 1 унциясы 2000 доллардан турат. Бул баа менен биздин Жерүйдөгү алтындын баасы 6,5 млрд долларды түзөт. Бизде болсо болгону 100 млн долларга берип салышкан. Ушундай миллиарддаган акчаларды чет элдик компанияларга ит бекер берип салгандарды урпактар эч качан кечирбейт. Биздин кыргыз элибиз бизди эч качан кечирбейт урматтуу депутаттар. Ошондой эле Чаткалдагы “Вертекс голд” компаниясы 11 жылдын ичинде 367 млн сом салык төлөгөн. Муну долларга которгондо 33 млн доллар болот. Ал эми сыртка алып чыгып кеткен алтындын көлөмү 6 тонна болгон. Ал кендеги алтындын запасы 30 тоннаны түзөт.
Бул компанияларда биздин мамлекеттин жок дегенде 25% үлүшү болгондо жүздөгөн миллион доллар салык түшмөк. “Вертекс голд” компаниясынын ишине көзөмөл жүргүзүш керек. Анткени булар алтындын породасынын 1 тоннасынан 6,5 грамм таза алтын чыгат деп эсептешүүдө. Биздин маалыматтар боюнча ал жердеги породанын 1 тоннасынан 15, 17, 21 грамм таза алтын чыгат»-деди депутат.
Эске сала кетсек, Жерүй алтын кенин 2015-жылы ал кездеги ажо Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башы Темир Сариев тарабынан конкурстук негизде оруссиялык «Восток геолдобыча» компаниясына 100 млн. долларга сатылган. Калган кирешени салык, социалдык төлөмдөр аркылуу алууга жетишебиз деген алар.
Мындай ит бекерге берилген Жерүй кенине бир топ адамдар, активистер нааразычылыгын билдиришкен. Экологиялык коопсуздук сакталбай жаткандыгын айтышып, кенди жабуу талабында коюшкан. Тилекке каршы, бийлик элдин койгон көп талаптарына көз жумуп, кенди иштетүүгө берген.
Кийин кендин ачылышына азыркы президент Садыр Жапаров дагы макулдук берип, салтанаттуу ачылышына катышып, ал иш чарага орус президенти Владимир Путин онлайн форматында катышкан.
Ушул кезде деле Жерүй алтын кенинин иштешине, экологиялык коопсуздугуна нааразы болуп жүргөн тараптар көп. «Кен эртеби кечпи өз зыяндуулугун берет жана чоң чатактар башталат» деген ойлор айтылып келет.
Бүгүн президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетүү толугу менен Кыргызстан тарапка өткөнүн жар салды. Бул албетте Кыргызстандын жеңиши. Бирок, Жерүй кени баштаган бир топ кендердин дагы иши эл ичинде шишип жарылуу абалына келип турган жагдайлар да каралышы керек экенин азыркы бийлик аңдап жатты бекен?
Кийинки кезек Жерүй кенине келеби же орустан ойт берип турган бийлик «не болсо ошол болсун, бийлигибизди аман койсун» деген аракетте арабасын тарта беришеби? Убакыт көрсөтөт, Кумтөр эле саан уйдай саала береби же ошондой эле акча каражатын берген Жерүй кени да казынага жардамга келеби?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

15 + пятнадцать =