КУМТӨР ЭМИ ЧЫНДАП ЭЛДИКИ БОЛОТ

0
14

Канчалык аракеттерден кийин Кумтөр кени биротоло Кыргызстанга өткөнүн Президентибиз Садыр Жапаров жар салды. Бул абдан сонун жаңылык эмеспи. Себеби отуз жылдан бери президенттер алмашып отурушту, бирөө да Кумтөр кенин элге алып берейин, пайдасын толугу менен мамлекет көрсүн дешкен жок. Баары эле канадалыктар менен акырын сүйлөшүп, пайдасын өздөрү көрүп, казынага бир аз каражат сурамыш этишип эле жүрүштү. Кумтөрдөн Кыргызстан чекеси жылый пайда көрбөдү.
Эми мынакей Садыр Жапаров элге берген убадасын аткарды. Тигил канадалыктар Кумтөрдү талашпайбыз, Кыргызстанга койгон 5 миллиард доллар доодон баш тартабыз, эчтеке сурабайбыз. Силер да бизге койгон 3 миллиард доодон баш тарткыла дешиптир. Анын үстүнө алардан биз жакка 100 миллиондон ашуун доллар каражат келип түшмөй болуптур. Эмне, жаманбы? Биздикилер канадалыктар менен макул болушкан соң, Кумтөр эми толук биздики.
Жыйырма жыл ичинде Кумтөрдөн 85 миллион доллар пайда көрүптүрбүз. Килтейген алтын кенден көргөн пайдабыз ушул экен. Эми биздики болуп калган соң, буюрса быйыл жыл акырына чейин 500 миллион долларлык таза киреше алат экенбиз. Салыштырып көрчү, 20 жылдагы 85 миллион доллар менен бир жылдагы 500 миллион долларды. Асман менен жердей.
Эми ушуна да кубанбай, дагы эле ичи тарып, Садыр Жапаровдун ийгилигин, элдин ырыскысын, мамлекеттин пайдасын көрө албай, болбогон эле ушак кептерди айтып чыккандар болууда. Алардын оюна койсо канадалыктардан 20 миллиард доллар өндүрүш керек экен, биз алданып калган имишпиз . Ушу дүйнөдө көп жерлерде алтын казып жүргөн бай компания бизге жөн салды 20 миллиард бере салат имиш да эй. Ансыз деле өз ара соттошууга көп каражат кетет, убакыт кетет. Президент айтты го 4-5 жыл жөн эле кетет деп. Анан ошол 4-5 жыл акча кортотуп, убакыт коротуп соттошуп жүргөнчө, алардыкын да, биздикин да кечип, Кумтөрдөн кирешелерди ала бербейлиби. Мына, быйыл 500 миллион доллар алабыз деп турат экенбиз. Дагы эмне керек?
Саясий ботко

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четырнадцать + двенадцать =