Кыргызстанда алтын валюта кору 50 млн. долларга азайды

0
8

Кыргызстан деле жакынкы эле айларда алтындын кору көлөмүнүн көптүгү боюнча рекорддук көрсөткүчтө жүргөн. Алтындын резерви Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

Маалыматтарга караганда өткөн айдын аягына карата эле Кыргызстандагы алтын валюта кору 2 миллиард 285,7 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалган.

Эске салсак, август айында алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчтү түзүп, 2 миллиард 335,8 миллион доллар болгон.

Ошентип бир ай ичинде эле резерв 50 миллион долларга кыскарып кеткен. Анын себептери айтылган жок.

Бул 2002-жылдан берки Улуттук банктын тарыхындагы экинчи көрсөткүч. Ал учурдан тарта маалыматтар ачык айтылып келе жатат.

Алтын валюта запасы Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Кыргызстандагы акча базасы да өзүнүн рекордун коюуда. Анын пайдалуу же зыяндуу экенин эксперттер айтып берген.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девятнадцать − пятнадцать =