Ушул тапта базардарда жана дүкөндөрдө тамак-аш азыктарына болгон баанын көлөмү көтөрүлүп кеткени маалым болууда. Акыркы аба ырайынын кескин төмөндөп кетишиненби же дыйканчылык талааларындагы түшүмдүн аздыгынанбы Кыргызстанда июль айында керектөөлөргө болгон баанын саны 2018-жылга салыштырмалуу 1.5% өскөн.Тамак-аш азыктарына болгон баанын саны — 2.8%, башка товар жана кызматтарга 0.1%, ж.б. товарларга — 1.9% га өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясы билдирет. ЕАЭС мамлекеттер ичинен бул эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелинет. 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу товарларга жана башкаларга болгон баанын саны Беларусияда – 6%, Казакстанда – 5.4%, Россияда – 4.6%, Арменияда – 1.7% өскөн. Кошумчалай кетсек, 2018 – жылга салыштырмалуу товарларга жана башкаларга болгон баанын саны ЕАЭС мамлекеттер ичинен июль айында 104.6% түзгөн. ЕАЭС мамлекеттердин керектөөчү товарларга болгон баанын саны 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу — 105.8% түзгөн. ЕАЭСтен жогорку көрсөткүч, Казакстанда – 108.7%, Беларусияда – 106.7% түзгөн.
«Факты kg»