Кыргызстандын экспорту 890 млн сомду түздү

0
8

Акыркы маалыматтарга караганда ата мекендик продукциянын экспорту 890 миллион сомду түзүп, 4,2 пайызга көбөйгөнү белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, импорттун көлөмү 2,3 миллиард сомду түзүп, 11,6 пайызга азайган. Экономиканын бардык тармактары боюнча өсүш камсыз болгон.  Алсак, өнөр жайы тармагында — 19,5 пайыз; курулуш — 6,9 пайыз; кызмат көрсөтүү — 2,3 пайыз; айыл чарбасы — 1,9 пайызды түзгөн. Бул тууралуу өкмөт башы жыйында билдирди. “Көрсөткүчтөрдү талдасак, бир аз да болсо экспорттун көлөмү көбөйдү, импорт бир топ азайды. Бул эмнени билдирет? Мунун өзү өнөр жай секторунда жандануу башталганын, тышкы рыноктордо биздин продукцияларга карата сурамдын жогорулаганын жана улуттук экономиканын турукташа баштаганын айгинелейт», -деди ал.

«Факты kg»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

11 + двадцать =