Кыргызстандыктар Россияга автоунаа менен да кире алат

0
9
Контрольно-пропускной пункт (КПП) «Бавра» на границе Армении и Грузии.

 

Жакшы жаңылык. Буга чейин кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алчу,  16-майдан тарта кыргызстандыктар Россиянын мамлекеттик чек арасынан токтотуусуз өтө алышат.

Мындай чечим өкмөттүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова башында турган коронавирус боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган.

«Эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу 2022-жылдын 16-майынан тарта Россиянын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча бир катар чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россияга кара жол менен кирүүгө уруксат берилүүдө», — деп жазылат маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один + два =