«Кыргызстан» санаториясындагы “кызылдай күйгөн” акчалар

0
101

 

Кыргызстан профсоюздар уюмунун айланасындагы ар түркүн коррупциялык иш аракеттер боюнча буга чейин деле бир топ адамдар айтып келишкен. Акыркы эле кезде ЖКнын комитетинде көтөрүлүп, бир топ провсоюз уюмдарынын жетекчилеринин асман башын чапчыган маяналары тууралуу айтылды. Анда белгиленгендей 400 миң сом айлык алып жүргөн жетекчилердин болгондугу. Буга таң калууга мүмкүнбү? Албетте, 174 миңге чейин маяна алган профсоюз уюмдарынын жетекчилери бар экенин кулагыбыз чалган жайыбыз бар, бирок 400 миңди уккан бир тобубуздуздун келмебиз оозубузга келди окшойт. Профсоюз уюмдары эмне үчүн түзүлүп, алардын аткарган тикелей милдети эмне экенине келсек, ар бир мекеме, ишканалардын жумушчуларынын айлык акыларынын 1-2 пайызынан кармалып, алардын укугу, саламаттыгы үчүн жумуш алып бара турган орган. Бирок, биздин өлкөдө бул кызматтын күчү, аракети анчейин деле байкалбайт. Кандай гана мекеме болбосун алардын таламын ачык талашып жаткандары аз кездешет. Ушундан улам профсоюз уюму “уюкка” айланып, жоюлуп кетпеген кызмат катары мамлекеттен бөлүнүп берилген миллиондогон акчаларды максатсыз пайдаланып, ал турсун өздөрүнө тиешелүү жумушчулардын саламаттыгы үчүн бөлүнүп берилген санаторийлерди, эс алуу жайларын “жайламакка” өтүп алышканы жалган деле эмес.

Өткөн сандарыбызда сөз кылгандай  “Факты.кж” гезити ЖКнын Профсоюз уюмунун иштерине байланыштуу түзүлгөн комиссиясы менен биргеликте, бардык Кыргызстандагы профсоюз уюмдарынын шалаакы, коррупциялык иштерине байланыштуу иш-аракеттерди чагылдырууну колго алабыз.

Бул санда Чүй облусундагы Аламедин районунун, Таш-Дөбө айыл окуругунда жайгашкан Кыргызстандын эң көрктүү жана кол жеткис баалуулуктары бар “Кыргызстан” санаторийндеги ар кыл жагдайларга токтолобуз.

Эсиңиздерде болсо, бул санаторийди сактап калууну Таш-Дөбө, Байтик айылынын активдүү мүчөлөрү учурунда көтөрүп, таланып-тонолуп жатканы боюнча бийликке бир топ эле кулак кагыш кылган. Алардын айтымында жетекчиге жарыбаган бул санаторий акырындап жылаңачтанып баратканын, келген жетекчилердин бири да ал жердин көркүнө көрк кошпой, адамдардын эс алуусу, саламаттыгын чыңдоочу жерди жоготуп баратканына капа болушкан. Санаторийдин акыркы жетекчиси болуп шайланган Венера Маймендеева айым дагы баштаганда бир топ финансы жумшалып, жакшырып жатканын айтканы менен акырында жыйынтыгы майнаптуу болбой, башкасын айтпаганда да “Түндүк Электр” ишканасына олчойгон карызды үйүп салган. Ичиндеги жылытуучу батареяларына чейин чыгарылып жок кылынган. Жумушчулардын эс алуучу жайына, кайдагы мыйзамдуу эч бир тиешеси жок адамдар келип жашап, жатакана болуп кеткен да жайы бар. Ошол кездеги адамдардын айтымында, Маймендеева эс алуу жайдын санитардык чарбачылыгына, тазалыгына да такыр эле көңүл бурган эмес. Айланасын ар кандай калдыктар каптап, жыттанып кеткен учурлары көп болгон.

Маймендеева тууралуу айта берсе арбын сөз болчудай. Жеке кулкунун ойлогон бул жетекчинин “жеп-ичкен” жактары да арбын болсо керек. Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкаралыгы да бул аймактын кылмыштуу иштеринин сары изине түшүп, бир топ финансылык ички мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Анда көрсөтүлгөндөй Маймендеева Венера жумушчулардын санаторийде эс алып, саламаттыгын чыңдоо үчүн берилген жолдомолорду 24 миң сомдон, 29 миң сомго чейин сатышкан. Ал эми Кыргызкурортуризмдин приказында ал жолдомолор 20 400 сом деп көрсөтүлгөн.

2015-жылдын февраль, январь айлары үчүн аталган санаторийдин казынасына 104 миң 400 сом түшүшү керек болсо, Маймендееванын кымтыма иштеринин кесепетинен казынага болгону 57 миң 800 сом түшкөн. Ушул эле жылдарды санаторийдин казынасына 599 миң 740 сом келип түшкөнү менен текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 229 миң сом акча эсепке жетпей калганы менен такталган. Мындан тышкары берилген жолдомолору бар, бирок казынага ал үчүн бир сом келип түшпөгөн жагдайлар да көп учураган. Мындай коррупциялык иштерге бир эле Маймендеева аралашпай, Кыргызкурорттуризмди жетектеп турган  Чынара Токобаеванын да байланышы бар экендиги бир топ фактыларда айтылып келет. Ага да өз кези менен токтололу.

2014-жылы “Кыргызстан” санаториясына тиешелүү 0,8 гектар жер тилкеси аукцион аркылуу сатыкка коюлган. Ал жер тилкесин А.Абдижапаров деген жаран 2 400 000 сомго сатып алган. Маселенин баары мына ушул жерде. Эс алуу жайга тиешелүү болгон жер тилкесин сатууда Маймендеева бир топ жер мыйзамдарына дал келбеген иштерди жана каттоо ишинде да мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Жер аукционго коюлганда атайын мамлекеттик басылмалар аркылуу ал жер үй курууга жарактуу жер катары сатылып жаткандыгын жарыя кылган менен кийинчерээк баары теңирден тескери чыккан. Жерди сатып алуучу Абдижапаров тийиштүү жерге жеке өзүнө керектүү эч нерсе кура албагандыгы, үй сала албастыгы да белгилүү болгон. Жер тилкесин берүүдө эч кандай мамлекеттик тийиштүү баардык тармактар менен эч кандай мыйзамдуу келишимдер, билдирүүлөр болгон эмес. Ал турсун сатуу, сатып алуу келишимдерин да жүргүзгөн эмес. Баардыгы ооз эки түрүндө гана ишке ашкан. Мунун арты чоң кылмышты жана башаламандык алып келген. Жерди сатуудагы мыйзамдуулукту сактабагандыгы жана тиешелүү мамлекеттик архитектура, жерге жайгаштыруу, аким, айыл өкмөт сыяктуу мамлекеттик органдардын кийлигишпегенин ушундан билүүгө болот.

Мындан тышкары санаторийдеги ар кандай оңдоп түзөө иштерин жасоодо дагы бир топ финансылык мыйзам бузуулардын бар экендиги ачыкталган. Алардын бирин айта турган болсок, мекеменин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштеринде көрүнгөн. Жумушту иш жүзүнө ашыруучу Мухарлямовдун сметалык көрсөткүчүнө көз чаптыра турган болсок, жалпы чыгым сметасы 2 160 643 сом болгон. Тилекке каршы, бул иш аракеттердин казуу жана сварка иштеринен башкасынын баары “ашар” жолу менен бүткөрүлгөнү анык болгон. Жүргүзүлгөн бир дагы иштин жумушчу актылары түзүлгөн эмес. Суу түтүктөрүн алмаштыруу ишине кеткен чыгымды документте 1 020 100 сом деп көрсөткөн менен бул иштерге кеткен чыгым болгону 519 918 сом болгон.

Маймендеева жана Токобаева баштаган “Кыргызстан” санаториясы жана башка провсоюз иштерине байланыштуу финансылык мыйзам бузуулар менен аткарылган иштерди санай берсе арбын. Алдыда дагы бир топторун айтабыз деген ойдобуз.

Факты.кж

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × 2 =