Кыргыз-тажик чегинде 7 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
252

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди.

Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алган:

— Жер титирөө бүгүн саат 10:47де болду. Күчү очогунда 6-7 баллга жетти. Исфара, Ош, Баткенде 3-4 балл сезилди, Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалды. Андан ашкан жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча жер титирөөдөн кийин Чоң-Алай районунун Жекенди айлындагы үйлөрдүн жана сарайлардын дубалдарынан жарака кеткен. Министрликтин адистери окуя болгон жерге жол тартышты.

Казакстандын түштүгүндө болсо 2 баллдык силкинүү катталды. Казак сейсмологдорунун билдиришинче, жер титирөө Алматы, Жамбыл, Түштүк-Казакстан облустарында байкалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × 1 =