“Кыргыз темир жолу” ишканасы коррупционерлерлерден качан кутулат?

0
616

Кыргыз темр жол ишканасы өлкөдөгү мамлекеттин казынасы ири акчаларды алып келе турган бирден бир тармак. Өлкөнүн тышкы экономикалык, соода-сатык, карым-катнаштары ушул мекеменин ишмердүүлүгүнө, иш аракетине байланыштуу. Ошого карабай бир кезде Темир жол ишканасын банкроттук абалга алып барып, анан ал жерди жеке тарапка же акционерлештирүүгө алып бара жатышканы айтылган. Ушунча каражаты бар туруп, уялбай банкроттук абалга кептелдик деген жетекчилеринен кийин миллиондогон коррупциялык иш аракеттери ачылып, алардын акыркылары Аргынбек Малабаев менен Алмаз Ногойбаевдердин эле жең ичинен жегендерине коомчулуктун төө чачы тик турган. Аны жазууга гезит бети деле чак келбесе керек. Интернет булактарынын бети ушул жайдагы коррупция иштерине толуп, УКМК аз ай мурда кылмыш ишинин бетин ачканда 4-5ден ачып, ал жайдын адам ыйлай турган абалы ачык билинген.  Бул жерге миллиондогон акчалары жылда бөлүнүп, бирок ошол акча каражаттары өз максатына толук жетпей желинип кете берген. Малабаевдин тушунда Кыргыз темир жолу ишканасы “Сокулук мафиясы” аталып, ал жерде анын жалаң жакындары иштеп калганын башкалар эмес, мекеменин өзүндөгү жумушчулар айтып, алды арызданганга чейин барышкан. Бирок, акча бар жерде алдуусу алсызын басып, ал «мафия» мекемени каалагандай майкандап келген. Айталы, ошол кезде Аргынбек Малабаевдин айылдаш агасы билими такыр бул мекемеге дал келбеген Кычан Суранчиев жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагынын башчысынын орун басары болуп иштесе,  бир тууган жездеси Памир Осмоналиев ошол бөлүмдүн инструктору, өкүл баласы Руслан Бектемиров ишкананын директору Алмаз Ногойбаевдин каржылык-чарбалык иштер боюнча директорунун орун басары, темир жолдогу сатып алуулардын башында иштеп келгендигин, айылдаш иниси Кубан Асанбеков темир жол ишканасынын аппарат башчысы экендигин бир катар басылмалар жазып чыгышкан. Мына ушундай абалдагы маанилүү ишкана заматта бир “мафиянын” колунда турса, каалаганын булар кылбаганда ким кылат эле?

Бул топ Темир жолду өркүндөтүп, өстүрүүнүн аракетинде болбой, ар бир өткөрүлгөн тендер иштеринде белгисиз жеке тараптар менен сүйлөшүп алып, ортодо олчойгон акчаларды жымырып турушкан. Бир катар мекемелерди ижарага берип, алардан түшкөн акча каражаттарын сол чөнтөккө уруп турушканы да кийин маалым болду. УКМКнын акыркы эле коррупциялык иштеринин бетин ачууда ишкананын мурдагы башчысы товардык-материалдык баалулуктарды сатып алууга каралган ар жылдык бюджетти негизсиз 1,5 млрд сомго чейин жогорулатканын белгилешкен. Анын кесепетинен мамишкананын көмүскө кассасында 8-9 млн сом аккумуляцияланган, алардын ичинен 50%ын башкы директор алып турган. Калган бөлүгү жогорку жана орто звенодогу жетекчилердин ортосунда бөлүштүрүлгөн. Анда келтирилген чыгымдын сумасы 22 миллиондон ашат деп бааланган. Мындай миллиондогон сомдук иштерди эч кандай мамлекеттик тендери жок эле «Мостотряд» аталган ишкананын ичиндеги курулуш компаниясы аркылуу ишке ашып турганы айдан ачык. Мына ушул иштердин башында, тагыраагы бул схемаларды ишке ашырууда бир эле жетекчинин күнөөсүн көтөрө бербей, аларды “адалдаган” айрым аткаруу кызматынын адамдарынын күнөөсү да тоодой экенин сезгенибиз оң.

Дегеле, Кыргыз темир жолу коррупция иштеринен кутулбай келет. Албетте, буга кадимки энерго схемасындагы “Ширшов”, Бажыдагы “Раим миллон” өңдүү схема Темир жолго да кирип алганы себеп болуп жатса керек. Болбосо, бул мекеме эмне үчүн Малабаев, Ногойбаев, Сариев өңдүү акчалуу, амалдуу адамдардын айланасынан ал жердеги жетекчилик кызмат артпайт? Айталы, азыркы күндө дагы Малабаевдин досу, классташы  Адыл Адрановдун ал жерге жетекчи болуп келүүсү күтүлүп жатканы айткандарыбызды таасын далилдейт. Адранов Кыргыз темир жол ишканасынын  материалдык-техникалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп келген. Жогорудагы биз сөз кылган,  кол ийрисине тарткан же жең ичинен желинген акчалардын анык башында дал ушул Адрановдун жок болушуна ишеним аз.

Коррупция менен күрөштү күчөтүп аткан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев күндө бир коррупционерди кармап, кустуруп жатканы менен артынан кайрадан ушундай “уурулар” кызматка коюла берсе, жыйынтыгы кандай болоор экен? Укканыбызга караганда, Кыргыз темир жолу ишканасынын эмгек жамаатында кайрадан катуу сөздөр жүрүп, Адрановдун айыбы алдыдагы айткандардан кем эмес экенин кейип кеп кылгандардын катары көбөйүп жатыптыр. “Булар да болбой калды” деген коомчулуктун каары, жалыны сыягы ушул Темир жол тараптан дагы катуу ура тургансып калды.

 

Факты.кж

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 8 =