Кыргыз Эл акыны Омор Султанов дүйнө салды

0
25

Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. 87 жаш курагында Кыргыз Эл акыны Омор Султанов дүйнөдөн өттү. Омор Султанов ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факуль-тетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган.

Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы болуп да иштеген. Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жа-рык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.
Омор Султанов 1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы, 1995-жылы «Манас» эпосуна миң жыл медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, II жана III даражадагы «Манас» ордени, Казакстандын Президентинин Жарлы-гы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Женевадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы, Достук ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон.

Кыргыз элине жана акындын жакындарына көңүл айтабыз. Акын атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

14 + девять =