КЫТАЙ ЭЛЕ ДЕЙ БЕРБЕЙ, КЫРГЫЗ КАЧАН БАШЫН КӨТӨРӨТ?

0
9

 

2021-жылдын  21-январында  ЭЛТР телестудиясынын  алып  баруучусу  Сакыбаев  Бакыт  мырзанын  жол  маселелери  бойунча  берген  суроолоруна,  КРнын  мурдагы   транспорт-жол  министри  Бердалиев  Бакыт  мырзанын  телеберүүдөгү  түшүндүрмө   жообуна  көрөрман  катары   мен  да  күбө  болгом.  Акыркы  убактарда  жүк  ташуучу  салмагы  оор  жана  жөнөкөй  автоунаалардын  көбөйгөндүгүнөн “ Төө ашуу ” тунелинде  кыйынчылык  жаралган себебтеринен,  тунелди  жүз  метрче   асты  жагынан  жаңыдан  казып  заманбап  тунелин  жаратууну,  андан  тышкары  Каракөл  менен  Ташкөмүр  шаарларынын   ортосундагы  тоо  боорлору  болсо  керек,  ушул  жерлерге да  тунел   курулш   иштерин  жүргүзүү.  Кийинкиси,  Токтогул  суу  сактагыч  көлүнүн  орто  ченинен  түптүз  көпүрө  салып  жолду  кыскартууну  ишке  ашыруу сыяктуу иштерди айтып келип, министр мырза мындай  чоң  стртегиялык  жол  курулуш  иштерди  Кытай  жеке  ишкерлерине  берүүгө  сүйлөшүлгөндүгүн  айтты.

Берүүнүн  баш  жагын  көрбөй  калгандыгымдан  фактыларга  жүз  пайыз  түшүнбөй  калдым.

Мелжеген  курулуштар  бүткөндө  тунелден  да  көпүрөдөн  да  өткөн  айдоочулар  акча

төлөөрүн  эске  салды.  Көпүрө  (эки жүз элү)  милион  доллар  менен  бүтөөрүн,   көпүрө  менен  тунелдерди,  кытайлар  Кыргызстанга  таштап  кетишет  деди. ( Тим  эле  бизге  Кытайдын  жерин  берип  аткансып.)

Эми  бул  жерде  шлгбаумдардын  кулпусунун  ачкычы  кыргыздардабы  же  кытайлардын  колунда  болобу же  Кампирабаддагы  миллиярдаган  сууларыбыз  менен  миң деген  гектар  жерлерибизди  Өзбекстанга  өткөрүп  бергендей  көпүрөбүз  менен  тунелдерибизди  түбөлүктүү  кытайга  алдырып  жиберип,  кытайдын  колун  карап калабызбы?

Биз  кыргыздар  кызык  эле  эл  болот  экенбиз.  “Кыйынбыз, кыйынбыз»- дейбиз  дагы,  Африкадгы  арстан-жолборстор,  оң   келгенде  жапайы  букалардын  бирин  жара  тартып  канын  соруп  этине  тойоорун  билсе  да,  ошол  буйволдор,  ыңгайын  күтүп  куулук  менен  секин  басып келе жаткан  жолборсторго  чогулуп  каршылык  көрсөткөндүн  оордуна   жырткычтардын  тишин  кычыштырып моюн сунуп бергендей, биз  кыргыздар   азуусу  арстандай  кытайларга  эмне  эле  жабышабыз,  башым  маң?

Дагы,  Карабалта – Бишкек  жол  курулуштары  да  көтөрүмдүүлүгү   9  тоннанын  ордуна  11  тонналык  болуп  кытайлыктар  тарабынан  бүткөрүлүп  жаткандыгын  министр  мырза  курсанчылык — ыраазычылык  маанайда  айтты.

Эми  ушул  килейген  Кытай  мамлекети  60  км  эле  Карабалта  жолун  5  жылча  курганына  жол  болсун.  Менин  ойумча,   илими  жок  кыргыздар  өздөрү  эле  аракет  кылып  курушса  5  жыл  эмес 3  эле  жылда  бүтүрөөр  эле  деп  ойлойм.   Эми  биз  биз  кыргыздар  жалкоо  болсок  айла  жок  да.

Балыкчы – Жалал-абад  авто  жолдун  курулуп  жаткандыгын  жана  Балыкчы- Жалал-абад  темир  жолу  курууларын  айтты.  Темир  жолду  кимдер  каржылаарын  укпадым.                                                                                  Пландары,  темир  жол  да  Кытайлар  тарабынан  салынса  керек  деп  ойлойм.  Себеби,  биз   Кытайларды    жакшы   көрөбүз,   моюн   сунуп   оокат   ичип   жаткан   кашыгыбызды    карматканды   жактырабыз!

Кыргызстан,  дөө  мамлекеттерге  бир  сөөмү  кем  5  миллиярд  карыз  эле  эми   ушул  кагаз  бетиндегилерди  бүтүрсөк   бир  эле  Кытайга  6  же 7  миллиярд  доллар карыз  болобузбу?  Кийинкиси  акча  булагыбыз  болбосо,  алакан  сунуп  кайырчылык  менен  илең- салаң  жашап  келе  жатсак,  карыздан  кантип  кутулабыз?  Жегенибиз  желим,  ичкенибиз  ириң  болуп  келечекте  жерлерибизден  айрылабызбы?

Баса, дагы  бир  сурооо?  Көпүрө-тунелдерден  түшкөн  акчаларды  Кыргыз  өкмөтү  алабы  же  Кытай  ишкерлери  алып  кетип  турабы?

Дүйнөдөгү  улуу  мамлекеттер  Кыргызстанды  ач  калтырбай  багып  алышат,  бирок кулчулуктан  өйдө  көтөрбөйт,  керек  болгондо  жерибизди  каалагандай  пайдаланат.

Мекендештер!  Аракет  кылып,  бел  байлап  иштегенди  үйрөнөлү,  10  км  жерге  асфальт,  5  км  жерге  темир  жол,  20 метр  тоого  тунел  казып  экспримент  кылып  көрөлү. Адам  баласы  кааласа  ааламды  багындырат,  каалабаса  бир  кепе  салалбай  квартирден – квартирге  көчүп  жүрүп  өмүрү  өтөт.   Коңшуларга   жүгүбүздү  артып,  көз каранды  болбой,  жолдорду,  курулуштарды  өзүбүз  куруп,   баркыбызды  жоготпой  кошуналар  менен   бир  туугандай  түбөлүктүү  достордон  бололу!

Караш  Насер

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемь + 11 =