Күнболот Момоконов, журналист: КЫРГЫЗСТАН «ЖАРАТЫЛЫШ МҮРЗӨЛӨРҮНӨ» АЙЛАНДЫ

0
252

Журналист Күнболот Момоконов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Президент Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Тоо кен тармагы боюнча сүйлөгөн сөзүнө карата өз ой пкиирие айтып чыкты. Анда Президент тоо кен тармагы кирешелүү тармак экенин, ивнсторлорду коргоо башкы милдети экенин, айрымдар чагымчылдык, инвесторго каршы ар кандай сөздөрдү айтып, провокация кылып аткандар бар экенин, аларды тизгиндөө да керек экенин кыйыткан. Журналист аларды коргоодон мурун, элдин, жердин тагдырына да кайдыгер болбош керек экенибизди, акча эле деп алардын эле кызыкчылыгын коргоо да адилттик болбой калаарын айткан. Ар жерге кен каздырып, калдык көмө берип Кыргызстандын табияты талкаланды болуп бара жатканын жана табигатты «жаратылыш мүрзөсү» болуп калганын да кошумчалаган.

 

-Албетте, Президентибиздин айткан сөздөрүндө да чындыктар бар. Инвесторго тынчтык, стабилдүүлүк керек. Стабилдүүлүк, элдик карама-каршылык болбош үчүн мамлекеттик туура чечимдер, пайдалуу кызыкчылыктар болушу керек. Андай шарттар бизде каралып, кетирген кемчиликтерге чара көрүлдүбү?
Президент өз сөзүндө «41 алтын лицензиясын сатыш үчүн алып алгандар бар экен»-дептир. Осмонбетовдун ишин нөлгө баалаптыр.
Бүгүн ошол КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН жыйынында берилген тапшырмалар, кабыл алынган чечимдер боюнча эмне иштер аткарылды? Кимдер жазаага тартылды? Мен билгенден 9 лицензияны өзүнүн колуна кочуштагандар баш ийкеп ошол жерде олтурушуптур.
Коопсуздук кеңеши, тийиштүү мекеме жетекчилери кандай аракеттерге барууда? Байкалбайт Сооронбай Шарипович!

Ушул кезде Кыргызстанда 92 ар кандай уулуу калдык сактоочу жайлары бар экен. Борбор Азия ичинде 7 өтө кооптуу делген уран калдыктарын сактоочу жай болсо, анын 3өсү Кыргызстанда болуп эсептелет экен.
Бул калдык жайлардын абалы азыр адам ыйлаарлык абалда. Коопсуздугун Кыргызстан камсыз кыла албайт. Россия кийлигишип чечүү жолдорун карап жатканынан кабарыбыз бар. «АтомРос» тарабынан 50-55 млн.доллар сарпталмай болду. Экспертер ал жайдагы абалды жакшыртыш үчүн бери дегенде 75 млн.Евро керектелээрин айтышты. Аны менен баштапкы абалга келип, коркунучтар бүтсө мейли, бул чыгымдар улам кайталанып турушу турган иш. Кыргызстан ошол чыгымдарды өмүр бою көтөрө алабы?
Булар аз келгенсип эми да ондогон жерлерге калдык сактоочу жайлар курулуп жатат. Алардын кийинки келечектеги чыгымдарын эсептеп жатабызбы? Биз ушул кадамыбыз менен «Бейиштин төрү» делген жашыл Кыргызстанды ошол атында сактап кала алабызбы?
Кумтөр, Жерүй кендериндеги калдык сактоочу жайдын абалдары менен кызыккан бирөөлөр болдубу? Көз карандысыз экспертиза кыла алдыкпы? Эл ишенген бир депутат «куттуу трибунада» жаны какшап элдик талаптарды айтып, көргөнүн, укканын айткан элдин үнүн өкмөткө жеткирип жатабы? Жок.
Кыргызстан «жаратылыш мүрзөлөрүнө» айланды.
Президенттин сөзүндө көп жактары туура. Бизде дайымат туура сүйлөшөт. Ишке ашырууга келгенде Осмонбетов бааланган нөлгө тете менен аяктайт.

Эл нааразычылыгын токтотуу үчүн мыйзамдуу, элдик, мамлекеттик кызыкчылыктаржы көздөгөн туура кадамдарды жайына келтирүү керек. Инвесторду сыйлоону, меймандостугу менен мактанган кыргызга үйрөтүү, аны күчтөп көрсөтүү акылга сыйбайт. Ит бекер бааланган, ит акмагы чыккан, афера, коррупция жыттанган, жеке керт баштын байлыгын тутунган аракеттер бар болгону чын болсо, анда бир эле ивестордун таламын талашуу же ага ыңгайын түзүүдө Элдин кызыкчылыгы кайда калат?
Күйгөнүңүздө көп чындык жатат, урматтуу Президент. Тоо кен, жаратылыш байлыктары боюнча жүздөгөн жемкорлор жоопко тартылса эл дагы, инвесторлор дагы чырмооктон арылган гүлдөй өх деген эле турат-деп жазат Момоконов.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семь − один =